«Мегаком» директорунун кеңешчиси Жапаровго үгүттөдү — БШК ИИМге кайрылды

БШКнын ыкчам чара көрүү боюнча координациялык тобу Садыр Жапаровдун тарапташтарынын шайлоо алдындагы үгүт тартибин бузгандыгы боюнча Башкы прокуратура жана ИИМге дагы бир доо арыз жөнөттү.

Анын тарапташтарынын бири, «профессионал митингчи» катары таанымал Төрөхан Жунусбеков фейсбукта Жапаровдун эл менен болгон жолугушуусунда түшкөн сүрөтүн жарыялап, ага үгүт катары баалана турган жазууну кошумчалаган.

Бирок ал үгүт иштери менен алектенүүгө укугу жок, анткени жакындан бери мамлекеттик «Мегаком» компаниясынын башкы директорунун кеңешчиси кызматын аркалай баштаган. Колдонуудагы конституциянын «Президентти жана Жогорку Кеңештин депутаттарын шайлоо жөнүндөгү» мыйзамына ылайык, Жунусбеков шайлоо агитациясына жана үгүткө арналган иш-чараларга катышууга тыйуу салынган адамдардын катарына кирет.

«Жогорку Кеңештин депутаттарын кошпогондо, мамлекеттик жарандык жана муниципалдык кызматчылар, мамлекеттик саясий кызмат орундарын, атайын мамлекеттик жана саясий муниципалдык кызмат орундарын ээлеген адамдар, жергиликтүү кеңештердин депутаттарын кошпогондо, шайлоо комиссияларынын мүчөлөрү, байкоочулар, эл аралык байкоочулар, диний ишмерлер, кайрымдуулук иштери менен алектенишкен уюмдардын уюштуруучулары жана мүчөлөрү, 18 жашка толо элек адамдар, чет элдик жарандар жана уюмдар, жарандыгы жок адамдар үгүт жүргүзүүгө, кандай болбосун үгүт материалдарын чыгарууга жана таркатууга укуксуз», — деп белгиленген мыйзамда.

БШКга Садыр Жапаров тарабынан үгүт эрежелери бузулгандыгы тууралуу бир нече арыз келип түшкөн. Ошондой эле башка талапкерлердин үгүтчүлөрүнө карата коркутуп-үркүтүүлөр, башка талапкерлердин үгүт иштерин чектөө аракеттери болгону да белгилүү. Бул билдирүүлөрдүн айрымдары Башкы прокуратура жана ИИМге жөнөтүлгөн.

Бул жолу шайлоо эрежелерин бузгандарга кандайдыр бир чара көрүлөр-көрүлбөсү анык эмес: өткөн парламенттик шайлоодо БШК милиция даттанууларды өз убагында карабайт жана бузуу фактыларын иликтебейт деп даттанган.

Төрөхан Жунусбеков деген ким?

Төрөхан Жунусбеков — президенттикке талапкер Садыр Жапаров менен УКМКнын башчысы Камчыбек Ташиев түптөгөн «Мекенчил» партиясынын мүчөсү. ЖМКларда Жунусбековду «профессионал митингчи» деп аташат.

24.kgнин маалыматына ылайык, 2007-жылы ал «Кыргызстандын татыктуу келечеги» бирдиктүү фронтунун өкүлү болуп, андан тышкары, 2017-жылы Таластагы митингге катышкан.

Ошондой эле 2019-жылы Көркөм сүрөт өнөр музейиндеги «Феминнале» көргөзмөсүнө каршы чыккандардын бири болгон. Ал эми 2020-жылы мартта Садыр Жапаровдун Ала-Тоо аянтында өткөргөн тарапкерлеринин митингине катышкан.

Төрөхан Жунусбеков 2020-жылы октябрда калаа мэрлигине Нариман Түлеевдин дайындалышына да каршы чыгып, аны кызматтан кетирүүгө аракет кылган. Бишкек шаарынын мэрлик кызматы үчүн күрөшкөн Жунусбеков шаардык кеңештин депутаттарынын колдоосуна да ээ экенин айтып, «дүйшөмбүдөн тартып» ишке киришүүгө даяр экенин билдирген.

Бирок шаардык кеңештин депутаттары анын талапкерлигин колдобой турганын айтышкан. Жунусбеков Садыр Жапаровду колдой турганын да ачык эле айтып чыккан. Ал эми Нариман Түлеев Жунусбеков мэриянын кызматкерлерине кысым көрсөтүп жатканын маалымдаган.

Бирок, мэрдин кызматын аткаруучу кызмат ордуна Балбак Түлөбаев сунушталгандан кийин Жунусбеков мэрлик кызматты мээлеген дымагынан баш тарткан. Ал Түлөбаев «Суракматовдун жана Түлеевдин кишиси эмес» деп билдирген, анткени менен Түлөбаев мэр Азиз Суракматовдун командасына иштеген.