Равшан Жээнбеков үй камагында калды, ал муну «саясий буйрук» деп атады

Бишкектеги Биринчи май райондук соту 16-декабрда президенттикке талапкер Равшан Жээнбековдун бөгөт коюу чарасын караган жок. Жээнбеков «Кой-Таш окуясы» боюнча айыпталуучулардын бири, ал үй камагына чыккан болчу.

Соттук отурум кийинки жумага жылдырылды. Судья бул маселени бардык айыпталуучулардын катышуусунда карай турганын билдирген.

«Ал менин талапкерлигиме байланыштуу укуктарымды бузду. Бул маселе бардык айыпталуучулардын катышуусунда каралат деген шылтоо менен менин укуктарымды чектеди. Кийинки соттук отурумда бардык айыпталуучулар келет деп эч ким убада бере албайт», — деди Жээнбеков.

Жээнбеков аймактарга чыгып, үгүттөө жүргүзүү үчүн судьядан атайын маалымкат алуусу керек. Ошондой эле экс-депутат сот «саясий буйрукту аткарды» деп эсептейт.

Ушул эле күнү Бишкек шаардык соту башка талапкер Курсан Асановдун баш коргоо чарасын кайра карап, эч жакка кетпөө тууралуу кол каттын негизинде өзгөрттү. Эми ал өлкө боюнча эркин жүрө алат. Биринчи май райондук соту Асановду үй камагына алуу чечимин чыгарып, Бишкектен чыгууга тыюу салган болчу.

Кой-Таш окуясы

Бийлик мурдагы президент Алмазбек Атамбаевди Кой-Таштагы үйүн эки күнгө созулган штурмга алуудан кийин 8-августта кармаган. Штурм учурунда бир спецназчы каза таап, 100гө чукул адам жабыркаган.

Күч органдары Атамбаев кримтөбөл Азиз Батукаевдин мыйзамсыз бошотулушу тууралуу иш боюнча суракка үч жолу келбей койгондон кийин үйүн штурмга алууну чечкен. Атамбаев күбө катары суракка алынмак, бирок кармалгандан кийин анын макамы шектүүгө өзгөргөн.

Штурмдун биринчи күнү, 7-августта, Атамбаевдин тарапташтары атайын операция жүргүзүп жаткан УКМКнын алты кызматкерин туткунга алышкан.

Атамбаев камалгандан кийин, ал айыпталуучу катары өтүп аткан «Массалык баш аламандыкты уюштуруу», «Адамдарды барымтага алуу», «Адам өлтүрүү» жана «Адам өмүрүнө кол салуу» беренелери боюнча бир нече кылмыш иштери козголгон.

Кой-Таш окуясына байланыштуу иш боюнча КСДПнын депутаттары Асел Кодуранова менен Ирина Карамушкина да айыпталуучу катары өтүп жатышат.