Тогуз коргоол оюну ЮНЕСКОнун жалпы адамзаттын маданий мурастар тизмесине кирди

Кыргыз улуттук тогуз коргоол интеллектуалдык оюуну Юнесконун жалпы адамзаттын маданий мурастар тизмесине киргизилди. Мындай чечим Кингстондо (Ямайка) 14-19-декабрь аралыгында өтүп жаткан Юнесконун материалдык эмес маданий мурастарды коргоо боюнча өкмөттөр аралык 15- жыйынын алкагында 17-декабрда кабыл алынган.

Анда «Салттуу интеллектуалдык жана стратегиялык тогуз коргоол, тогыз кумалак, мангала оюндары» Кыргызстан, Казакстан жана Түркиянын биргелешкен номинациясы деп айтылат.

Тогуз коргоол — казак менен кыргыздын эки оюнчуга арналган, тактай бетинде ойнолуучу интеллектуалдык оюуну.

Материлдык эмес маданий мурастарды коргоо боюнча өкмөттөр аралык комитет жылына бир жолу жыйын өткөрөт. Комитеттин курамына конвенцияга мүчө мамлекеттердин 24 өкүлү кирет.

Материалдык эмес маданий мурастарга муундан муунга өтүп келген салт-санаа жана чыгармачылыктын түрлөрү кирет. Алардын ичинде оозеки салттар, аткаруу искусствосу, социалдык салтанаттар, майрам жана ырым-жырымдар, андан тышкары салттык кол өнөрчүлүк техникалары бар.

Кыргызстандын атынан Юнесконун матреиалдык эмес маданий мурастар тизмесине «Манас, Семетей, Сейтек» үч илтиги, төкмөлүк айтыш өнөрү, дастанчылык, кийиз, шырдак жасоо, Нооруз майрамы, көк-бөрү улуттук оюуну, эркектердин ак калпак улуттук баш кийими жана аны жасоо салттуу көндүмдөрү кирген.