«Унааны бузуп, тетикке саткан». Жол эрежесин 560 миң сомго бузган киши кармалды

Бишкектин кайгуул милициясынын издөө бөлүмү жол эрежесин 230 жолу бузган кишини кармады. Бул тууралуу 18-декабрда аталган мекеменин басма сөз кызматы маалымдады.

Буга чейин Sputnik басылмасына калаа тургуну Данияр Абдыжапаров сегиз жыл мурун сатып жиберген унаасы ага катталганы үчүн 560 миң сом айып пул келгенин айткан. Анын унаасын айдап жүргөн киши 230 ирет жол эрежесин бузган.

Абдыжапаров бул боюнча укук коргоо органдарына кайрылганы менен майнап чыкпаганын, ал эми жакында эле соттон айыппулду төлөбөсө анын үйү камакка алынаары тууралуу кат келгенин айтып нараазы болгон.

«Мен кантип төлөйм мынча акчаны? Айлыгым 10 миң, жебей-ичпей төлөгөндө деле 30-40 жылда төлөп бүтөм. Милиция болсо аны кылмыш курамы жок болгондугу үчүн таап бере албайт экен, “өзүңүз аңдып жүрүп таап алыңыз” дейт. Кызыгышпайт экен да», — деген Абдыжапаров.

Ал өз телефон номерин калтырып, айдоочунун өзүн же аны көргөндөрдүн кабарлап коюусун өтүнгөн болчу.

Милициянын маалыматына ылайык, 26 жаштагы кармалган айдоочу эреже бузгандарын мойнуна алган. Ал унааны 2017-жылы башка бирөөдөн сатып алып, өзүнө өткөрүп алуу үчүн «чыныгы ээсин издеп жүргөнүн», бирок жакында эле унааны чачып тетикке сатып жибергенин айткан.

Кайгуул кызматкерлери эки тарапты жолуктуруп, түшүндүрүү иштерин жүргүзгөн. Ал эми мындан аркы процесстер сот аркылуу чечилет.