Жапаров Жалал-Абада: «Коррупционерлерди жазалайбыз, Кытайга жер бербейбиз, ыйман сабагын киргизебиз»

Президенттикке талапкер Садыр Жапаров 17-декабрда Жалал-Абад шаарына барып шайлоочулар менен жолукту. Президенттик шайлоо 2021-жылдын 10-январында башкаруу формасын аныктоо боюнча референдум менен бирге өтөт. «Клооп» Жапаровдун жолугушууда айткандарынын урунттуу учурларын тизмектеди.

Убадалары:

  • Базар-Коргон районунун борборунан Жазы-Кечүү айылына чейин 120 км узундуктагы жол куруу;
  • Көчкүдөн жабыр тарткан Орто-Сай аймагына жол куруу, суу жана электр жарыгын тартып келүү;
  • «Кызыл Үңкүр — Арстанбап» жолун реконструкциялоо;
  • Райондогу авариялык абалдагы мектептердин ордуна жаңысын куруу;
  • Сузак районуна суу сактоочу плотина куруу;
  • Атабеков окуругуна селден коргоочу дамбаларды куруу;
  • Курманбек баатыр атындагы канал куруу;
  • Район борборлорундагы 276 ооруканага заманбап имараттарды куруу;
  • Жалал-Абад шаарынын инфраструктурасын жакшыртуу;
  • Жерлерди трансформациялоо маселесин көтөрүү;
  • 2021-жылдын май айынан тартып өлкөнүн бардык аймактарын кыдырып чыгуу.

Жапаров башкаруу формасы тууралуу эки жолу айтып, жарандарды добуш берүүгө үндөгөн кириш сөзүнөн кийин адаттагыдай жалал-абаддыктардын кат түрүндө берилген суроолоруна жооп берди.

Эгер жакын адамдары коррупцияга аралашкан болсо эмне кылат?

Ал менин же досум Ташиевдин [УКМКнын башчысы Камчыбектин] жакыны болобу, ал биздин бир тууган ага же эжелерибиз болобу — эгер алар коррупцияга аралашкан болсо, анда алар кармалат.

Сөзсүз. Эгер алар бир нерсе уурдаган болсо, кайтарып беришет. Бүгүн биз уурдалгандарды кайтартып жатабыз. Мындан ары да кайтарып беришет — ишти президенттик шайлоодон кийин дагы улантабыз.

Ал Кытайга болгон карызды кантип төлөйт?

Кытайдан башка өлкөлөргө да карызбыз, 5 млрд долларга жакын өлчөмдө. Кытай карыздын эсебинен жерибизди тартып алат деп коркпогула. Биз карыздарды жабабыз, жерибизди эч ким албайт. Айрым аксакалдар Кытайга бир нерсе берилип кетти деп элди коркутуп жатканын уктум. Алардын сөздөрү Кыргызстан менен Кытайдын ортосундагы мамилени бузуп, чыр салууга багытталган.

Коңшу мамлекеттер менен тынчтык жолу аркылуу кызматташабыз. Кыргызда «Алыскы туугандан жакынкы кошуна артык деген» сөз бар.

Биз карызды өз ресурстарыбыздын жардамы менен, кендерди иштетүүдөн түшкөн кирешинин эсебинен, башкалардан карыз сурабай жабабыз. Болгону убакыт жана тынчтык керек. Карызды 3-4 жылдын ичинде жаап койсо болот.

Элект энергиясын экспортко чыгарууну өнүктүрүү тууралуу

Көрсө, 32 күн, анын ичинен 12 күн гана толугу менен иштепмин. Калган күндөр, өзүңөр билесиңер, тополоңдо өттү. Ошол 12 күндүн ичинде 100гө жакын инвесторду кабыл алдым, алардын 15-16сы ГЭС боюнча келген. Алардын ичинен реалдуу инвесторлорду тандап, ГЭС курабыз.

Экономикалык кризис тууралуу

Экономикалык абал чынында оор. Аны жакшыртууга бизге эки жылга жакын убакыт керектелет. Андан тышкары, мен азык-түлүк кризиси келгенин көрүп турам — тамак аштын баасы кымбаттады. Мындай көрүнүш саясий процесстер соңуна чыкканча, май-июнь айларына чейин уланат окшойт. Кичине чыдап коюш керек, 30 жыл чыдап келгенбиз. Белиңерди бекем бууп, бир жарым жылча чыдагыла. Биз экономикалык кризистен чыгуу үчүн 2-3 ири мамлекеттик долбоор даярдап жатабыз. Аларды кийинки жылы күзүндө ишке киргизебиз.

Мектептердин курулушу тууралуу

Депутат, министр жана өкмөт мүчөлөрүнүн баары өз айылын гана ойлошот. Шайлоодо добуш алуу үчүн алар заманбап окуу жайлары бар жерде мектеп куруп жатышат. Ал эми жанындагы айылдарда авариялык абалдагы мектептер турат. Биз мектептерди керек болгон жерде гана курабыз.

Бизде 28 мектепти акысыз куруп бере ала турган инвесторубуз бар. Алар менен сүйлөштүм, дагы 150 мектепти акысыз куруп берүүнү убадалашты. 3-4 жылдын ичинде 254 мектепти жаңыртабыз.

Кадр саясаты тууралуу

Бир айдын ичинде кадрдык саясатта каталар кеткенин мойнума алам. Өлкөдөгү кырдаалды турукташтыруу үчүн болгон күчүбүздү жумшадык. Мен иштеп бер деп сурангандардын арасында жумаштан качып кеткендер да болду.

Талапкерлердин бирин биринчи вице-премьер-министр болуп иштеп, ушул тармакка жооп бер деп сурандым. Ал коркуп кетип, баш тартты. Эми президентикке талапкер болуп отурат.

Шайлоодон кийин министрлерден башка жетекчилердин бардыгын атайын комиссиянын мүчөлөрү конкурстун негизинде тандай турган кылабыз. Буга чейин эптеп эле жогорку билими барларды тааныш-билиштик менен кызматка дайындап келгенбиз.

Биз кадр кызматы менен бирге мурда мэр, губернатор болуп үлгүлүү иштеген аксакалдардан турган конкурстук комиссия түзөбүз. Түндүктүн жигиттерин түштүккө аким кылып, түштүктүн азаматтарын түндүккө жөнөтөбүз. Түштүктөн чыккан бир дагы киши түштүккө аким боло албайт.

Дин тууралуу

Мектептерде «ыйман» сабагын киргиүзүү керек. Ошентип биз бүгүнкү күндүн көйгөйлөрүнөн түп тамыры менен арылабыз. Бүгүн адамдар ар кандай агымдарга, Хизб ут-Тахрир, баптизм, буддизм жана башкаларына кирип кеткенин көрүп турасыңар. Дин жактан билимдин жетишсиздигинен эми эле 11-классты бүткөн балдарды оңой эле Сирияга азгырып кетип жатышат.

Учурда ислам университеттерин бүтүрүп, жумушу жок жүргөн студенттер көп — миңге жакын адам. Алар биздин Муфтияттын багыты боюнча балдарга бир дин тууралуу сабап беришет. Ошондо 10-15 жылдын ичинде баары бир нукка түшөт.

Мунун баары планда гана, бул тууралуу муфтият, диний ишмерлер жана билим берүү министрлигинин адистери менен талкуулайбыз, кеңешебиз. Бирок планыбызда бар.

Андан соң Жапаровдун алдында анын бир нече тарапташы сөз сүйлөдү. Алардын бири Жапаровдон Кыргыз Республикасын Кыргыз Эл Республикасы деп өзгөртүүгө мүмкүнчүлүк барбы деп сурады. Жапаров тиешелүү сунушту учурда баш мыйзамды талкуулап жаткан Конституциялык кеңешмеге жеткире турганы айтты.

Ошондой эле Жапаровду жүз жылда бир жаралган «элдик баатыр» деп аташып, ага арналган ырларды окуп, талапкерди Камчыбек Ташиевдей достукка бекем болууга чакырышты.

Иш-чаранын аягында Жапаровго чапан жаап, калпак кийгизишти, ошондой эле ага бүткүл Жалал-Абад облусунун атынан ат тартуулашты.

Жапаров белектер үчүн ыраазычылыгын билдирип, бирок мунун баарын анын досунун туугандары даярдаганы үчүн гана макул болгонун айтты. Ал мындан ары мындай «салтанат» өткөрбөөнү өтүндү.