Жаңы жылдан тарта жарандарга электрондук кол тамга керектелет. Аны кайдан алса болот?

Мамлекеттик салык кызматы билдиргендей, уюмдар, жеке ишкерлер, андан тышкары ыктыярдуу патент боюнча иштегендер 2021-жылдын 1-январынан тартып салык отчётторун электрондук түрдө гана бере башташат.

Аталган жаңы система өкмөттүн 2018-жылы чыгарылган токтомуна ылайык киргизилүүдө. Электрондук отчётуулукка кошумча булуттуу электрондук кол тамга (БЭКТ) тиркелет.

Коронавирустун пандемиясында ишкерлерди колдоп, алардын жашоосун татаалдатпаш үчүн Экономика министрлиги салык төгүүчүлөрдүн бир катар категориясы үчүн БЭКТи киргизүүнү 2021-жылдын 1-апрелине чейин жылдыра турууну шарттаган долбоорду коомдук талкууга сунуштаган. Бирок азырынча ал талкунун бардык баскычтарынан өтө элек болгондуктан БЭКТи киргизе турган күн болуп 2021-жылдын 1-январы эсептелинет.

Дегеле электрондук кол тамга деген эмне?

Бул кагаз бетиндеги кадимки кол тамганы алмаштырган сыр сөздөрдүн же белгилердин комбинациясы. Электрондук кол тамганы жасалмалоо кыйын, анда жасалмалоодон сактай турган коргоо деңгээли жогору.

Ал көптөгөн маморгандар менен иштешүүнү жеңилдетет: аны колдонуу менен ар кандай документтерди алуу үчүн мекемеге баруу убаракерчилиги жокко чыгат. Мисалы, аны «Түндүк» мамтутумунда колдонсо болот. БЭКТ кол менен коюлган кол тамганын ордуна толук кандуу юридикалык кол тамга болуп берет.

Булуттуу электрондук кол тамганын кимдерге кереги тиет?

Мамлекеттик салык кызматы белгидегендей, БЭКТ кыргызстандыктардын бардыгына эле керек эмес. Жаңы система уюмдар менен жеке ишкерлерге гана тиешелүү, БЭКТ алар үчүн отчётторун электрондук форматта күбөлөндүрүү үчүн кызмат кылат.

Ошондой эле БЭКТи 2021-жылдын 1-январына чейин ыктыярдуу патент менен иштегендер да алышы керек болот.

«Ал патент алууда, андан тышкары Бирдиктүү салык декларациясын тапшырууда керектелет», — деп түшүндүрүп беришти салык кызматынан «Клоопко».

Аны кай жактан алса болот?

Мамлекеттик салык кызматынын маалыматына ылайык, электрондук кол тамганы алуу үчүн катталган жерге карабастан калкты тейлөө борборлоруна кайрылса болот. Электрондук кол тамганы алуу үчүн даректер:

  • КТБ-1 Бишкек ш. (Нуркамал көч., 29);
  • КТБ-2 Бишкек ш. (Чолпон-Ата көч., 2);
  • КТБ-3 Бишкек ш. (Жаш Гвардия көч., 4);
  • КТБ-4 Бишкек ш. (Ауэзов көч. 1/5);
  • КТБ Талас ш. (Дзержинский көч., №28);
  • КТБ Нарын ш. (Ленин көч., 39);
  • КТБ Ат-Башы (А.Сулайманов көч., 29);
  • КТБ Кочкор району (Кочкор айылы, С. Алиев көч., 6);
  • КТБ Сокулук айылы (Шопоков, Машиностроительная көч., 1);
  • КТБ Панфилов району (Панфиловка айылы);
  • КТБ Каракол (Гебзе көч., 124);
  • КТБ-1 Ош ш. (Ленин көч., 318);
  • КТБ-2 Ош ш. (Раззаков көч., 2);
  • КТБ Жалал-Абад ш. (Барпы Сейил көч., 79Б);
  • КТБ-1 Өзгөн ш. (Ленин көч., 115);
  • КТБ-2 Өзгөн ш. (Прогресс айылы);
  • КТБ Сузак ш. (Каримбердиев көч., 1);
  • КТБ Базар-Коргон району (О. Курбанов көч., 6);
  • КТБ Баткен (Мурат Салихов көч., 33/1);
  • КТБ Кызыл-Кыя (А.Султанов көч., 1А);
  • КТБ - Кызыл-Суу (Жети-Өгүз р-ну, Кызыл-Суу айылы, Первомайская көч., 65).

Ошондой эле БЭКТи башка атайын адистештирилген операторлордон дагы алса болот:

  • ЖЧК «DosTek group» (0312 96-03-60, www.dostek.kg, office@dostek.kg);
  • ЖЧК «Юниверсал Бизнес Репорт» (0312 98-68-66, www.ubr.kg, sale@ubr.kg).

Булуттуу электрондук кол тамга канча турат?

Ал 2021-жылдын 1-январына чейин бир жылдык мөөнөткө акысыз берилет: бул үчүн керектүү документтерди көрсөтүү жетиштүү. Андан кийин кызматтын баасы 400 сомдун тегерегинде болот деп божомолдонууда — анын ичине БЭКТтин өзүнүн, сактоо үчүн атайын «булуттун» жана банктын комиссиялык төлөмдөрүнүн наркы кирет.

Аны алуу үчүн кандай документтер керек?

Жеке жактарга (атап айтканда, ыктыярдуу электрондук патенти барларга):

  • паспорттун түп нускасы;
  • «Инфоком» МИнин Күбөлөндүрүү борборунун Регламентине кошулуу жөнүндө келишим.

Келишимди infocom.kg сайтынын «Биздин ТБ» бөлүмүнөн жүктөп, басып чыгарып алса болот. Бирок КТБда оператор өзү деле сиздин келишимди толтуруп коё алат — сиз кол тамгаңыз менен датаны жазып, өздүк маалыматтарыңыз туура-же туура эмес экенин текшерип коюшуңуз керек.

Ал эми юридикалык жактарга (жана алардын өкүлдөрүнө) бир аз көбүрөөк документтер керек болот. Алар:

  • «Инфоком» МИсинин КБ Регламентине кошулуу жөнүндө макулдашуу;
  • юридикалык жактардын өкүлдөрү үчүн КБ колдонуучусунун ишеним каты;
  • Колдонуучунун паспортунун түп нускасы;
  • ыйгарым укуктуу адамды кызмат ордуна дайындоо жөнүндө уюмдун буйругунун көчүрмөсү;
  • уюмдун жетекчисинин дайындалышы тууралуу буйруктун көчүрмөсү;
  • юридикалык жакты мамлекеттик каттоо/кайра каттоо жөнүндө күбөлүктүн көчүрмөсү.

БЭКТи колдонуудагы башка маселелер боюнча кайда кайрылуу керек?

Мамлекеттик катоо кызматынын 116 ишеним телефонуна. Эгер БЭКТи колдонууда көйгөй болсо анда 0-312-986190 (кошумча 443,446) номерлери аркылуу атайын адистерге кайрылыңыз.