БШК: Жапаров үгүт иштерине дээрлик 44 миллион сом сарптады

Президенттикке талапкерлердин үгүт иштери үчүн ачылган банктык эсептерине канча акча которулгандыгын жана буга чейин канча каражат сарпталгандыгын БШК билдирди.

Ага ылайык, 18-декабрга карата Жапаров дээрлик 44 миллион сом сарптаган. Жалпысынан талапкерлердин эсебине дээрлик 92 миллион сом которулган, бирок бул каражаттын жарымынан көбү Жапаровго таандык. Анын эсебинде 47,4 млн сом бар, бул жалпы сумманын 52%ын түзөт.

Үгүт иштерине сарпталган акчанын көлөмү боюнча кийинки орунда Бабыржан Тольбаев турат. Анын эсебине 9,4 миллион сом келип түшкөн жана 5,7 миллион сом сарпталган.

Президенттикке жалгыз аял талапкер Клара Сооронкулова эң аз акча короткон. Анын эсебине 1 миллион сом түшүп, ал анын баарын сарптаган.

Жапаров акчаны кайдан алган

БШКнын маалыматы боюнча, Жапаров өзүнүн жеке каражатынан 15 миллион сомдон ашык акча бөлгөн. Анын эсебине ыктыярдуу адамдардан жана уюмдардан ар кандай жардам катары дагы 31 миллион сом которулган.

Мөөнөтүнөн мурда президенттик шайлоо

Президенттик шайлоо 2021-жылдын 10-январында, референдум менен бир күндө өтөт. Соттун чечими менен Кыргызстандын шайлоочулары 10-январда мамлекет башчысын гана эмес, башкаруу формасын дагы тандашы керек.

БШК президенттикке 18 талапкерди каттады. Үгүт иштери 15-декабрда башталган жана 9-январга чейин уланат. Бирок, президенттикке ат салышкандар талапкерлердин бири Садыр Жапаров тарабынан мыйзам бузуулар болуп жатканын айтышууда.