Жылдызбек Турганбаев Оштун вице-мэри болуп дайындалды

Жылдызбек Турганбаев

Жылдызбек Турганбаев Ош шаарынын биринчи вице-мэри болуп дайындалды. Тиешелүү буйрукка мэр Таалайбек Сарыбашов кол койду.

Биринчи вице-мэр Турганбаев шаардагы экономика тармагына жооптуу болот. Буга чейин ал Мамлекеттик салык кызматынын төрагасынын кеңешчиси болуп иштеген.

Ошондой эле ал Ноокат райондук, Ош шаардык жана түштүк региону боюнча салык кызматтарын жетектеген.

Буга чейин биринчи вице-мэр кызматын Саибжан Турдуев ээлеп турган. Турдуев өз каалоосу менен арыз жазып кызматынан кеткен.