БШК талапкерлерге оозеки эскертүү берди. Аларга белекке аргымактар сунушталган

Борбордук шайлоо комиссиясынын жумушчу тобу 22-декабрда президенттикке талапкерлердин үгүт тартибин бузуу фактылары боюнча жыйын курду.

Жумушчу топ талапкерлер Садыр Жапаров, Адахан Мадумаров, Аймен Касенов жана Курсан Асановго тулпар мингизилгендиги тууралуу маалыматты карады.

Садыр Жапаровдун ыйгарым укуктуу өкүлү жыйында белек катары тартууланган аргымакты талапкер албаганын, болгону аны минип, андан соң ээсине кайра кайтарып бергенин билдирди.

Мадумаровдун өкүлү президенттикке талапкер белектен баш тартканы тууралуу видео тасма көрсөткөн.

Аймен Касеновдун өкүлүнүн айтымында, тулпар талапкердин атасына таандык. Ал далил катары документтерди көрсөткөн.Дагы бир талапкер Курсан Асановдун өкүлү Асанов жылкыны белекке албаганын, болгону сүрөткө тартуу учурунда мингенин билдирди.

«Буга байланыштуу жумушчу топтун мүчөлөрү эки сунуш киргизишти — үгүт эрежелери бузулганы үчүн штраф же оозеки эскертүү берүү. Добуштардын көпчүлүгү менен эскертүү берүү чечими чыкты», — деп айтып беришти БШКдан.

Буга чейин бир катар ЖМКлар президенттикке талапкерлерге тулпар мингизиле баштаганын жазышкан. Ал эми БШК ошол учурдан тартып эле талапкерлерге колдоо көрсөтүүнү каалагандар бир гана шайлоо фондуна жардам катары акча которсо болорун эскерткен болчу.