Башкы прокуратуранын басма сөз кызматы 22-декабрда «Коопсуз шаар» долбоорунун биринчи этабын ишке ашырууга тиешелүү материалдардын мыйзамдуулугун текшергенин кабарлады.
Текшерүүнүн жыйынтыгында башпрокуратура «Кызмат абалынан кыянат пайдалануу» беренеси менен КЖБРге мамлекетке өзгөчө ири өлчөмдө зыян келтирүү фактысын каттады.
Текшерүү көрсөткөндөй, 2018-жылы Маалыматтык технологиялар жана байланыш мамлекеттик комитети жол эрежесин бузгандарды видеобайкоо аркылуу каттоочу кызматка конкурс жарыялаган.
Конкурста «Вега» концерни утуп чыгып, эки тараптуу келишим түзүлгөн. Келишимдин шартына ылайык, жалданма компания ишти белгиленген мөөнөттө бүтүрө албаса, буйрутмачы тарап ар бир кечиккен күн үчүн каражат кармап калмак.
Ошол эле учурда тараптардын ортосунда келишимди аткаруунун мөөнөтүн узартуу боюнча кандайдыр бир кошумча келишимдер түзүлгөн эмес.«Бирок, кызмат көрсөтүү боюнча келишимдин мөөнөттөрү бузулганына карабастан, МТжБМК аталган ишкана менен макулдашылган мөөнөттү 50 күндөн ашык убакытка кыскартуу чечимин кабыл алып, натыйжада 20 млн 171 миң сом өлчөмүндө төлөнө турган акчаны толугу менен кечип койгон», — деп билдиришти Башкы прокуратурадан.Бул иш боюнча сотко чейинки өндүрүш башталды.Мурдараак парламент депутаты Рыскелди Момбеков парламенттин транспорт жана коммуникациялар боюнча жыйынында «Коопсуз шаар» долбоорун коррупциялуу деп атаган.
Ошондой эле депутат мурдагы премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиевдин айтканына таянып, «Вега» концерни бюджетке 2 миллиард сом төктү деп маалымат бергени менен иш жүзүндө андан кыйла аз төккөнүн билдирген.
«Вега» жана «Коопсуз шаар»
Маалыматтык технологиялар жана байланыш мамлекеттик комитетинин башчысы Бакыт Шаршембиев жана орусиялык «Вега» ААК концернинин башкы директорунун орун басары Сергей Калмыков «Коопсуз шаар» долбоорунун биринчи этабын ишке ашыруу үчүн 2018-жылдын 12-ноябрында келишимге кол койгон.
Бирок кызматташуу башталбай жатып чыр чыккан – «Вега» дароо ишке кирише алган эмес. Тендердин экинчи катышуучусу — «БИС» компаниясы — мамлекеттик сатып алуу департаментинин алдындагы көз карандысыз комиссияга даттанган.
«БИС» компаниясы «Вега» буга чейин «Коопсуз шаар» сыяктуу долбоорлорду ийгиликтүү ишке ашырган тажрыйбасын далилдей алган эмес деген жүйөө менен даттанган.
Ошондой эле, «БИС» доо арызына Орусия ИИМнин Ульяновск жана Тверь облусттук башкармалыктарынын документтерин тиркеген. Анда ведомстволор «Веганын» камераларында бирдиктүү көйгөйлөр бар, автоунаалардын ылдамдыгын туура эмес аныктайт деп билдиришкен.
Ал эми «Веганын» өкүлдөрү Кыргызстанда «Коопсуз шаар» долбоорун ишке ашырууда бул кемчиликтер жоюлганын айтышкан.
5-октябрда көз карандысыз комиссия «БИС» компаниясынын өтүнүчүн канааттандырып, «Коопсуз шаар» боюнча тендердин жыйынтыгын жокко чыгарган. Бирок 9-октябрда Маалыматтык технологиялар жана байланыш мамлекеттик комитети комиссиянын чечимине каршы сотко даттанган.
1-ноябрда Бишкектин райондор аралык соту ведомствонун доосун канааттандырып, «Коопсуз шаар» боюнча тендердин жыйынтыгын тааныган чечим чыгарган.
Концерн Бишкекте жана Чүй облусунда 110 комплекс орноткон: алардын ичинен 90 — стационардык, калган 20 – аппараттык-программалык комплекстер (АПК). Биринчи баскычтын жалпы баасы 35 млн долларды түзгөн.
«Коопсуз шаар»
Жол кыймыл эрежелерин бузууну каттаган жана аны алдын алган «Коопсуз шаар» системасы толук кандуу 2019-жылдын 4-мартынан тартып иштей баштаган. Ал Бишкек шаарынын көчөлөрүндө жана Чүй облусундагы эл аралык мааниге ээ авто жолдордо автоунаа кыймылдарын күнү-түнү каттап жана кылмыштардын бетин ачууга багытталган.
«Коопсуз шаар» — мамлекеттик «Таза коом» программасынын «Акылдуу шаар» долбоорунун бир бөлүгү. Бийликтин идеясы боюнча «Акылдуу шаардын» ишке кириши менен кыргызстандыктардын коопсуздугу жогорулап, ал эми мамлекеттик кызматтардын бир бөлүгүн онлайн алса болот.
Үстүбүздүгү жылдын августунда Маалыматтык технологиялар жана байланыш мамлекеттик комитети (МТБМК) Кыргызстанда «Коопсуз шаар» долбоорунун экинчи этабы башталганын, ал өлкөнү толук камтый турганын маалымдаган.
«“Коопсуз шаар” долбоорунун экинчи этабы 7 облусту, республикалык маанидеги 2 шаарды, облустук жана райондук маанидеги 15 шаарды жана 73 калктуу конушту камтыйт», — деп билдиришкен мамлекеттик комитеттен.
Жалпысынан бийлик 306 түйүндү аппараттык-программалык комплекстер менен жабдууну пландоодо. Алардын ичинен 266сы стационардык жана 40 көчмө түйүн. Мындан тышкары, ар кайсы түрдөгү үч миңден ашуун камераларды орнотуу пландалууда.
«Коопсуз шаар» долбоорунун экинчи баскычын ишке ашыруу боюнча тендерди 2019-жылы «Shenzhen Sunwin Intelligent Co. Ltd» кыталый компаниясы утуп алган. Ал долбоорду ишке ашырууга эң төмөн баа сунуштаган — 2 млрд 655 млн сом.
Shenzhen Sunwin Intelligent Co. Ltdнын расмий сайтында айтылгандай, кытайлык инновациялык компания билим берүүдө, медицинада жана башка тармактарда жогорку технологиялык долбоорлорду ишке ашырат. Ал 1997-жылы негизделген. Reutersтин маалыматы боюнча, компания Шэньчжэнь фонд биржасына 2010-жылы катталган.
Компания өзүн акылдуу шаар жаатында Кытайдагы жасалма жана интеллектуалдык жабдууларды өндүрүүчү алдыңкы ишкана катары көрсөтөт.