Токмок шаарынын тургуну өгөй кызын зордуктоого шектелип кармалды

Иллюстративдик сүрөт

Чүй облусунун Токмок шаарында 15 жашар өгөй кызын эки жылдан бери зордуктап жүргөнү айтылган киши 21-декабрда тергөө изоляторуна киргизилди. Бул тууралуу «Клоопко» жабырлануучунун жактоочусу Шердор Абдыкапаров билдирди.

«Мага Токмок шаарынын прокурору телефон аркылуу чалып, тез келүүмдү өтүндү. Анткени жабырлануучу менен анын таенеси жактоочу жок өгөй атага каршы көрсөтмө бербей жатышкан экен. Учурда өгөй ата ТИЗОдо камалып турат», – деди Абдыкапаров.

Абдыкапаровдун айтымында, кыздын «зордукталганы экспертизада аныкталганына карабай» милиция өгөй атаны үч-төрт күндөн кийин гана кармаган. Кыздын кордолуп жүргөнүнөн апасынын кабары болгон, анткен менен ал жолдошунун кылмышын жашырып келген. Кыз зордукталып жүргөндүгүн алгач таенеси менен таежесине айткан. Анадан соң алар милицияга кабарлаган.

Арыз жазылгандан кийин өспүрүм кызды апасы психологиялык оорулуулар бейтапканасына жаткырып койгон. Жактоочу «Клоопко» ооруканага өгөй атасы келип, «ага каршы көрсөтмө» бере турган болсо кызды «өлтүрөм» деп коркутканын билдирди. Анын айтымында, кыз дале болсо ооруканада жатат.

Чүй облустук ички иштер башкармалыгы аталган факт боюнча «Зордуктоо» беренеси менен сотко чейинки өндүрүштү баштаган. Ошондой эле, соттук-медициналык экспертизалар дайындалган.

Тема боюнча:

Чүй: Өспүрүм кызды эки жылдан бери зордуктап жүргөн өгөй атанын иши териштирилүүдө