Чүй: Өспүрүм кызды эки жылдан бери зордуктап жүргөн өгөй атанын иши териштирилүүдө

Иллюстративдик сүрөт

Чүй облусунун Токмок шаарында 15 жашар өспүрүм кыз өгөй атасы тарабынан эки жыл бою зордукталып жүргөн. Бул тууралуу «Клоопко» жабырлануучунун жактоочусу Шердор Абдыкапаров билдирди.

Анын айтымында, кыздын кордолуп жүргөнүнөн апасынын кабары болгон, анткен менен ал жолдошунун кылмышын жашырып келген. Кыз зордукталып жүргөндүгүн таенеси жана таежесине айткан. Алар окуяны билгенден кийин милицияга арыз жазышкан.

«Милиция алардан түшүнүк кат алып коё берген. Кыздын зордукталганын экспертиза дагы аныктады. Учурда кызды апасы психологиялык ооруулуулар бейтапканасына жаткырып койду. Ооруканага өгөй атасы келип, “ага каршы көрсөтмө” бере турган болсо аны “өлтүрөм” деп коркутуп кетиптир», — деп билдирди Абдыкапаров.

Ошондой эле, жактоочу өспүрүм кыз үй-бүлөсүндө сегиз бир туугандын улуусу экенин кошумчалады. 

«Азаттык» басылмасына Чүй облустук ички иштер башкармалыгынан аталган факт боюнча «Зордуктоо» беренеси менен тергөө амалдары башталганын маалымдашкан. Ошондой эле, соттук медициналык экспертизалар дайындалган.

«Өспүрүм кыз апасы жана туугандарынын бири менен милицияга келип арыз жазышкан. Андан соң кыз үйүнө апасы менен бирге кайтуудан баш тарткан. Милиционерлер кызды Токмок шаардык социалдык өнүктүрүү кызматкерлерине өспүрүмдөр жашоочу жайга жайгаштыруу үчүн өткөрүп беришкен», — деп маалымдалат аталган басылмада.

Буга чейин Ысык-Көл облусунда 13 жашар кыз алты ай бою зордукталып жүргөнү маалым болгон. 25 жаштагы эки жана 45 жаштагы бир адам окуучу кызды жарым жыл бою зордуктап келишкен. Жыйынтыгында Тоң райондук соту 45 жаштагы айыпталуучуну гана 7 жыл 6 айга эркинен ажыратып, экөөнү актап жиберген. Бул коомчулукта резонанс жаратып, алтургай актоого өкүм чыгарган судьянын ишмердүүлүгү боюнча митинг да болгон. Кийинчерек Акыйкатчынын аппараты бу ишти көзөмөлгө алганын маалымдаган.

Тема боюнча:

Ысык-Көл: Акыйкатчынын аппараты 13 жаштагы кыздын зордукталышы боюнча ишти көзөмөлгө алды

Эл аралык уюмдар 13 жаштагы кыздын зордукталышы боюнча соттун чыгарган өкүмүнө нааразы

Ысык-Көл: Жарым жыл бою зодукталган 13 жаштагы кыздын атасы өкүмдү даттанат

Ысык-Көл: 13 жашар кызды зордуктоого айыпталган үч адамдын экөөсү акталды