«Ички туюмума таяндым» — 13 жашар кызды зордуктагандарды актаган судья өз чечими тууралуу

13 жашар кызды зордуктаган үч адамдын экөөсүн актап, үчүнчүсүнө жеңил жаза каралган беренени колдонгон Тоң райсотунун судьясы Сабыр Соодонбеков алгачкы жолу өзүнүн чуу жараткан өкүмү тууралуу үн катты.

«Биз укуктук мамлекетте жашап жатабыз. Сот чечимин чыгарганда мен өзүмдүн ички туюмума таяндым. Башка эч нерсе айта албайм, жакшы кал», — деп жооп берген ал Vesti.kg басылмасына.

Басылманын маалыматына караганда, судья Соодонбеков ушул тапта иштебейт, ден соолугуна байланыштуу өргүүгө чыккан.

Зордуктоо иши

Декабрдын башында Тоң райондук соту 13 жашар кызды жарым жыл бою зордуктоого шектелген үч кишинин экөөсүн актаган. Ал эми зордуктоого шектелгендердин бири 45 жаштагы жаран 7,5 жылга эркинен ажыратылган.

Жабыркаган кыздын туугандарынын бири Талант Байсейитов үч шектүүгө карата сот өндүрүшү өзүнчө өндүрүшкө бөлүнгөнүн билдирген. Ал эми судья «Зордуктоо» беренесин «Он алты жашка толо элек адам менен жыныстык катнашта болуу жана сексуалдык мүнөздөгү башка аракеттерди жасоо» беренесине квалификациялаган.

Прокурор шектүүлөргө 15 жылдан 20 жылга чейин эркинен ажыратуу өкүмүн сураганына карабастан, судья ушундай чечим кабыл алган.

Мындан улам коомчулук жана Кыргызстандагы эл аралык уюмдар судьянын өкүмүнө нааразы болуп, райондук прокуратура өкүмдү даттана турганын билдирген.