Ысык-Көл: Жарым жыл бою зодукталган 13 жаштагы кыздын атасы өкүмдү даттанат

Ысык-Көл облусунунун Тоң районунда зордукталган 13 жашар кыздын атасы жергиликтүү соттун чечимине нааразы болуп, Ысык-Көл облусттук сотуна даттанмакчы. Бул тууралуу ал «Азаттыкка» билдирди.

Буга чейин Тоң райондук сотунун судьясы Сабыр Содонбеков жашы жете элек кызды жарым жыл бою зордуктоого шектелген үч кишинин экөөсүн актаган — 25 жаштагы Жолдошбек жана Эржан «иштин курамында кылмыш жок» деген жүйөө менен бошотулган.

Ал эми зордуктоого шектелгендердин бири 45 жаштагы Урмат аттуу киши күнөөлүү деп табылып, 7,5 жылга эркинен ажыратылган.

Алгач Урматка «Зордуктоо» беренеси менен айып тагылган — прокуратура аны 15 жылдан 20 жылга чейин эркинен ажыратууну өтүнгөн. Бирок судья Содонбеков оор беренени жеңилине өзгөртүп, шектүүнү «Он алты жашка жетелек адам менен сексуалдык мүнөздөгү аракеттер» беренеси менен күнөөлүү деп тапкан.

Жабырлануучу кыз аборт кылган

Кылмыш 2019-жылдын май айынан ноябрга чейин созулган. Алгач жабырлануучунун ата-энеси 28-ноябрда милицияга кайрылып, алардын 13 жаштагы кызы дайынсыз жоголгонун кабарлашкан. Анын эртеси күнү өспүрүм кошуна үйдө табылган.

«Ал кийинки күнү кечинде кошуналарга кириптир. Үйгө кирүүдөн коркуптур. Мага кошунам чалгандан кийин мен аларга барып, ыйлап жаткан кызымды көрдүм. “Ал [Урмат] каякта” деп сурадым. Ал “өзүнүн үйүндө” деди. Мен аны таап, сабадым», — деп айтып берген кыздын атасы «Настоящее время» телеканалынын журналистине.

Кийинчерээк Урмат 13 жашар кызды алдоо жолу менен Бишкекке алып барып, жыныстык катнашка мажбурлаганы белгилүү болду. Мындан сырткары кызды ал окуган мектепте эки чарба кызматкери — Жолдошбек жана Эржан — да зордуктаганы ачыкталды.

Жабырлануучунун адвокаты Айнура Асанованын айтымында, Жолдошбек «зордуктоонун уюштуруучусу» болгон. Жашы жете элек кыз алгачкы жолу өткөн жылдын май айында ажатканада Жолдошбек тарабынан зордукталганы да айтылган.

Анткен менен Жолдошбектин атасы «Настоящее время» телеканалына зордукталган кызды айыптап, ал буга чейин эле «кыздыгы жок болуп» жаман жолдо жүргөн деп билдирген.

«Мен бирок ага көзүм жетпейт, барбайт. Менин жолдошум беш маал намаз окуйт», — деген Жолдошбектин жубайы.

Ал эми Эржан жашы жете элек кызды мектептин эски имаратында зордуктаганы кабарланган. Эржан зордуктоону тасмага тартып, кызды классташтарына көрсөтөм деп коркуткан.

Ал эми бул боюнча акталган Жолдошбек менен Эржандын туугандары «жабырлануучу кыздын ата-энесине акча сунуштап, соттун чечимине даттанбоону суранышкан». Бирок кыздын атасы акчадан баш тартканы белгилүү болду.

Учурда жабырлануучу кризистик борбордо — психолог-дарыгерлер аны бир жыл бою кадимки жашоого кайтара албай жатышат. Мындан сырткары кыз зордуктоочулардын биринен кош бойлуу болуп, аборт жасоого аргасыз болгон.