Мамкүзөт үгүт учурунда Садыр Жапаровду коштоп жүргөн эмес — Башкы прокуратура

Башкы прокуратуранын басма сөз кызматы маалымдагандай, УКМКнын күзөт кызматынын өкүлдөрү президенттикке талапкер Садыр Жапаровду Талас облусунда коштоп жүргөн эмес.

«Материалдар Талас ОИИБи тарабынан 17-декабрда КЖБРдин маалыматтарын эсепке алуу китепчесине каттоого алынган. Бирок, жогорудагы маалымат такталган эмес», — деп билдиришти Башкы прокуратурадан.

Үгүт иш-чараларында Садыр Жапаровду УКМКнын мамкүзөт кызматынын кызматкерлери коштоп жүрөт деп Factcheck.kg басылмасынын башкы редактору Болот Темиров билдирип чыккан.

Темиров Жапаровдун Ош жана Таласта шайлоочулар менен жолугушуу учурундагы сүрөттөрүн салыштырган. Кийинчерээк басылма иликтөө жарыялашкан — анда журналисттер Жапаровдун жолугушуусунда УКМКнын кызматкерлери жүргөнүн атайын кулакчындар боюнча аныкташкан.

Бул үчүн иликтөөчүлөр Жапаровдун президенттин милдетин аткаруучу кезиндеги расмий сүрөттөрү менен анын Талас облусунда эл менен жолуккан тасманы салыштырган.

Бул маселени БШКда кароо учурунда, 22-декабрда Жапаровдун өкүлү Александр Мощин УКМК кызматкерлери талапкерди коштоп аймактарды кыдырып жүрөт деген маалыматты төгүндөгөн болчу.

«Ал кызматын өткөрүп берген күндөн тартып эле СГОнун кызматкерлери аны бир дагы иш-чарада коштоп жүрүшкөн жок», — деп айткан жыйында Мощин.

Мощин ошол эле жыйында Factcheck.kgнин журналисттеринин жүйөөлөрүн «төгүндөп» же «ырастабарын» кошумчалаган.

Садыр Жапаров 2021-жылдын 10-январында өтө турган президенттик шайлоодо 18 талапкердин бири. Ошол эле учурда ал буга чейин президенттин м.а. кызматында иштөөгө жетишкен.

Ал 4-октярдагы парламенттик шайлоодон кийин орун алган башаламандыктар учурунда колониядан бошотулуп, бул кызматты алган. Саясий кризистин шартында Жапаров тарапташтарынын жардамы менен алгач премьер-министр, андан соң президенттин м.а. кызматын ээлеген.

Муну менен бирге анын «Мекенчилдеги» тарапташтары жана партиялаштары өлкөдөгү башкы кызматтарга дайындалган: Камчыбек Ташиев УКМКнын төрагалыгына дайындалган, ал эми Жапаровдун үзөңгүлөшү Талант Мамытов Жогорку Кеңештин төрагасы жана президенттин м.а. кызматын ээлеген.