«Оюн эрежеси өзгөрдү». Өкмөт шайлоодо админресурска каршы күрөшөт — Новиков

Премьер-министрдин милдетин аткаруучу Артём Новиков 24-декабрда Коопсуздук кеңешинин жыйынында «аткаруу бийлиги 4-октябрдагы парламенттик шайлоодон кийин болгон окуялардан сабак алганын» билдирди.

Анын айтымында, эми «оюн эрежеси өзгөрдү» жана өкмөттүн максаты — жеке кызыкчылык үчүн админресурстун (врачтардын, мугалимдердин жана башка мамлекеттик жана муниципалдык органдардын кызматкерлеринин) пайдаланылышына жол бербөө эсептелет.

«Шайлоону укук талаасында жана талаптагыдай уюштуруучулук деңгээлде өткөрүш үчүн бардык тийиштүү чаралар көрүлөт. Бардык аткаминерлерди ишендирип айткым келет, өкмөт тарабынан үгүттөө жана добуш берүүгө мажбурлоо боюнча кандайдыр бир буйруктар берилген жок жана берилбейт дагы», — деди Новиков.

Ал ушул сыяктуу фактылар тууралуу мамкызматкерлер өкмөттү жана Республикалык штабды кабардар кылышы керектигин дагы кошумчалады.Өкмөт башчысынын милдетин аткаруучу кыргызстандыктарды жарандык милдетин аткарып, 2021-жылдын 10-январында өтө турган шайлоого катышууга чакырды.

Кезексиз президенттик шайлоо менен башкаруу формасын тандоо боюнча референдум 2021-жылдын 10-январында бир күндө өтөт. Шайлоочулар мамлекет башчысынан тышкары, башкаруу формасын дагы тандашы керек болот.

БШК президенттике ат салышчу 18 талапкерди каттаган. Үгүт иштери 15-декабрда башталып 9-январга — добуш берүү алдындагы тынчтык күнүнө чейин уланат.

Анткен менен президенттикке ат салыша тургандар талапкерлердин бири, тагыраагы, Садыр Жапаров тараптан бузуулар болуп атканын билдире башташты.