«Жапаровдун иниси болом». Ала-Арча айылында сабалгандардын жакындары акыйкат издейт

Жабыркагандар

Бишкек шаарынын тургуну Бакыт Бекешов 20-декабрдан 21-декабрга караган түнү Бишкек шаарынын Төмөнкү Ала-Арча айылындагы дүкөндөрдүн биринде болгон массалык мушташтан жабыркаган балдардын иши акыйкат тергелбей жатканын айтып, «Клоопко» кайрылды.

Бекешов милиция ишти жакшы тергебей жатканын белгилеп, ошондой эле, кайниси менен анын досун сабаган балдардын бирөөсү «Садыр Жапаровдун иниси болоорун айтып», 150 миң сом талап кылганын билдирди.

Бекешовдун айтымында, кайниси жана анын досун сабагандардын бирөө келип акча сунуштап, ишти жаптырууну талап кылган. Ошондой эле, милиция кызматкерлери дагы акча алып, арызды алууну өтүнүшкөнүн кошумчалады.

«Келинчегимдин бир тууган иниси жана анын досу 20-декабрдан 21-декабрга караган түнү Ала-Арча айылындагы “Шекер” дүкөнүнө кирген. Аларга 1971-жылы туулган мас киши тийишип, чаап жиберген. Ошондон улам уруш чыгып, мас абалындагы кишинин үй-бүлөөсү — аялы кошо 7 адам болуп, эки баланы аёсуз сабашкан. Алар болгону 19 жашта болчу», — деди ал.

Ал ортодо окуянын видеосу интернетке жарыяланды. Анда мас абалында делген киши баланы сыртка чыгаары менен чаап жибергенин көрүүгө болот. Андан соң баланын жанындагы досу аларды арачалаганга аракет кылган. Бул маалда кишинин автоунаадагы жакындары чуркап келип тигилерди тепкиге алганы видеого тартылып калган.

Дүкөндүн башка бөлүгүндө тартылган башка видеодо бир баланы топтошкон кишилер сабап жатканын көрүүгө болот.

Бекешев, балдарды андан ары машинелерине салып үйүнө алып барып сабап, 150 миң сом акча талап кылып, тил кат жаздыртышканын айтты.

«Эки сааттан кийин келинчегиме сабагандардын бирөө чалып, “балаңар үйдө, алып кеткиле” деп айтыптыр. Ошол замат кайненем барса, мас абалындагы 1971-жылы туулган адам “Балаңар тентек экен, менин тишимди сындырып салды” дептир», — деди Бекешов.

Ал андан сырткары «Садыр Жапаровдун иниси болом, криминалдык топтун мүчөсүмүн» деген жаран катардагы эле тургун экенин, акча алыштын амалын издеп ошентип айтканын билдирди.

Жабыркагандар ошол күнү эле Аламүдүн райондук ИИБине арыз менен кайрылып, дүкөндөгү көзөмөл камерасына тартылып калган видеону алып барып беришкен. Милиция кызматкерлери ишти кыскартып, сунуштаган акчаны алууларын өтүнгөн.

«Кайним менен досун ошол күнү ооруканага жаткырдык. Бети башынын баары көгала. Кайнимдин досунун апасы менен сабаган балдардын жанында жүргөн жалгыз аял экөө айылдаш экен. Ал дагы акча сунуштап, “баары бир ишти жаптырып коём” дегенсип жатат», — деди ал.

Жабыркаган балдардын биринин эжеси Жамилия Кадырованын «Клоопко» билдиришинче, сабагандардын экөөсү эле кармалып, калганын чыгарып жиберишкен. Андыктан алар мындай аракеттерге нааразы болууда.

«Инимди жана анын досун сабагандардын экөөсүн эле камап, калганын чыгарып жиберди сотко чейинки өндүрүш башталса дагы. Бирөөсү качып кетип кармалбай жатат. Тергөөчүлөр кайра эле чыгышы мүмкүн деп айтып жатышат. Сабагандардын бирөө 17 жашта экен. Аны болсо камаганга болбойт дешти», — деди Кадырова.

Материалды даярдап жатканда экинчи тараптын пикирин алуу үчүн жасаган аракетибизден майнап чыккан жок. Алар телефонго жооп беришкен жок.

Бул иш боюнча Чүй облустук ички иштер башкы башкармалыгынын маалымат катчысы Назира Имангазиева «Клоопко» курган маегинде бул иш боюнча тергөө жүрүп жатканын билдирди.

«Бизге 20-декабрда Ж.А. жана А.У. аттуу 19 жаштагы эки жаран кайрылган. Иш каттоого алынып, тергөө иштери башталган. Алардын айтымында, түн ичинде аларды Төмөнкү Ала-Арча айылындагы “Шекер” дүкөнүн жанында сабашкан. Мушташ талаштан улам келип чыккан. Жабырлануучулар ооруканага жеткирилип, бул факты КЖБРге “Бейбаштык” беренеси менен каттоого алынды», — деди Имангазиева.

Маалымат катчы ошондой эле, Аламүдүн РИИБдин кызматкерлери тарабынан кылмышка шектүү делип 1971-жылы туулган О.К. жана анын 1997-жылы туулган О.М. аттуу жарандар кармалганын айтты. Алар Бишкек ШИИББдин убактылуу кармоо жайына киргизилген.