COVID-19га шектелген камактагылар изолятордон ооруканага которулат — Акыйкатчы аппараты

Саламаттык сактоо министрлиги жана ИИМ убактылуу кармоочу жайлардагы (УКЖ) пневмония дартына чалдыккан жана COVID-19 жуктурууга шектелген жарандарды ооруканаларга жаткыруу жөнүндө буйрук чыгарды. Бул тууралуу Акыйкатчынын аппаратынын басма сөз кызматы билдирди.

Бейтаптар убактылуу кармоо изоляторунан Наркология борборуна, жугуштуу оорулар ооруканасына жана Улуттук госпиталга которулары кабарланды.

«Пневмонияга кабылган УКЖдагы шектүүлөр менен айыпталуучуларды ооруканаларга жайгаштыруу жана дарылоо учурунда күнү-түнү күзөтүү, ошондой эле медицина кызматкерлеринин коопсуздугун сактоо чаралары каралган», — деп жазылат эки ведомствонун буйругунда.

ИИМ менен Саламаттык сактоо министрлиги мындай чечимди акыйкатчы Токон Мамытовдун кайрылуусунан кийин кабыл алган.

2020-жылдын ноябрь айында эле Кыйноолордун алдын алуу улуттук борборунун кызматкерлери Бишкек ШИИББнин убактылуу кармоочу жайындагылардын кармалуу шартында бир катар бузуулар бар экенин аныкташкан. Текшерүүнүн жыйынтыгында, УКЖда 63 кишиден ашпоо керек деген эреже сакталбай, 100дөй адам кармалып турганы белгилүү болгон. Анын ичинде 32 жарандан пневмония дарты аныкталган болчу.

«Бишкек ШИИББинин убактылуу кармоочу жайында инфекциялык ооруга чалдыккандарды дарылоо үчүн шарттар жок. Камераларда отургандардын санынын көп болушу инфекциялык оорунун башкаларга жана УКЖнын кызматкерлерине жугушуна мүмкүнчүлүк түзөт. Бул оору жугузуп алгандардын жана ал жакта отургандардын коопсуздугуна жана өмүрүнө коркунуч жаратат», — деп билдиришкен ошондо укук коргоочулар.