«Гансидеги» стационарды оңдогон курулушчуларга акы 7 млн сомго кем төлөнгөн — Башкы прокуратура

Башкы прокуратуранын басма сөз кызматы «Аскер курулуш» мамлекеттик мекемеси мурдагы «Ганси» авиабазасында оңдоо иштерин жүргүзгөн курулушчуларга 7 миллион сомдон ашык каражат карыз экенин билдирди.

Мындан тышкары, коронавирус жуктурган бейтаптарды дарылоо үчүн медициналык объектилерди оңдоодон өткөргөн ишкана медициналык объектилерди оңдоого кеткен курулуш материалдары үчүн эсептешишкен эмес.

Бул максаттарга Коргоо иштери боюнча мамкомитетке караштуу Бишкектин турак-жай бөлүмү менен «Аскер курулуштун» ортосунда 42 млн 980 миң сомго келишим түзүлгөн. Анын ичинен Бишкектин турак жай бөлүмү компаниянын эсебине 39 млн 700 миң 675 сом которгон.

«Алдын-ала маалыматтарга караганда, мекеменин курулуш материалдары менен камсыздаган субподрядчиктерге жана куруучуларга болгон карызы 7 миллон сомдон ашат. Аскер прокуратурасы аталган факты боюнча текшерүү жүргүзүп жатат. Эгерде мыйзам бузуу аныкталса, көзөмөл органы тарабынан тиешелүү чаралар көрүлөт», — деп билдирди Башкы прокуратура.

«Ганси» жана пандемия

COVID-19 пандемиясы башталган учурда Американын мурдагы «Ганси» авиа базасынын аймагында чет өлкөдөн келген кыргызстандыктар үчүн обсервация ачылган. Алар обсервацияда 14 күндүк инкубациялык мезгилден өтүүлөрү керек болчу.

Июль айында өлкөдө коронавирустан каза табуулар көп катталып жаткан учурда Саламаттык сактоо министрлиги «Гансинин» стационарында оор абалдагы адамдар көбөйүп кеткендиктен реанимациялык блок ачкан. Ал 112 койка орунга ылайыкталып, суюк кычкылтек берүү системасы менен жабдылган.

Августта, адам өлүмү азайган мезгилде, өкмөт мурдагы «Ганси» авиабазасындагы «Семетей» обсервациясын 1000 орундук жугуштуу оорулар менен күрөшүү ооруканасына айлантарын кабарлаган.