Кээде бок-сак тепсеп аласың. Атамбаев Жээнбеков экөөнүн достугу тууралуу үн катты

Мурдагы президент Алмазбек Атамбаев экс-президент Сооронбай Жээнбековдон «өч ала» турганы жөнүндө тараган маалыматка комментарий берди. Мурдагы президенттин адвокаты Замир Жоошев жарыялаган катта Атамбаев үчүн Жээнбеков менен болгон достугу бок-сак тепсеп алгандай эле ыплас нерсе экени айтылат.

«Кээ бирде көчөдө басып баратып байкабай бок-сак тепселеп аласың. Анан эптеп таманыңды жолго сүртүп алып, ары басып кетесиң. Мен үчүн "Соке дос" өмүр жолумда жолуккан ошондой бир ыплас нерсе. Ага убакыт коротуштун эми кажети жок. Өмүрдү жакшы нерселерге арнаш керек. Аны ансыз деле мезгил да, Кудай да жазалайт. "Соке дос" тарыхта саткынчылыкты, эки жүздүүлүктү, уурулукту норма кылган сасык бир саясатчы катары калат. Азыртадан эле эл арасында "Кудай Сокедей достон сактасын" деген сөз айтылып калды. Мындан жаман жаза ал үчүн да, урпактары үчүн да жок», — деп айтылат Атамбаевдин жазган катында.

Атамбаев жана Жээнбеков

Мурдагы президент Алмазбек Атамбаев жана экс-президент Сооронбай Жээнбеков 2017-жылы өткөн президенттик шайлоого чейин бири-бири үчүн жакын үзөңгүлөштөрдөн болушкан.Бирок, Жээнбеков президент болгондон кийин экөөнүн ортосунда жаңжал чыккан.

Араздашуудан кийин Атамбаев бир нече жолу Жээнбековдун дарегине катуу сын-пикир айткан. Атамбаев Жээнбековго президенттик кызматка жетүүгө дагы жардам бергенин билдирген.

Ортодо жалындаган араздашуунун шартында алгач Атамбаевдин үзөңгүлөштөрүнө, андан соң мурдагы президенттин өзүнө дагы бир катар кылмыш иштери козголгон.

Анын айрым тарапташтарына карата көп жылдарга эркинен ажыратуу өкүмдөрү чыккан, ал эми Атамбаев өзү бир нече айыптоолор боюнча тергөө абагында отурат.