Ош ОИИБи: Малик Нурдиновдун ордуна Жеңишбек Абидов келди

Сүйүн Өмүрзаков жана Жеңишбек Абидов

Ош облустук ички иштер башкармалыгынын башчысынын милдетин аткаруучу болуп 26-декабрда милициянын полковниги Жеңишбек Абидов дайындалды. Малик Нурдинов эки күн мурун ден соолугуна байланыштуу кызматтан кетүү тууралуу арызын жазган.

Абидовду башкармалыктын өздүк курамына ИИМдин башчысынын биринчи орун басары, генерал-майор Сүйүнбек Өмүрзаков тааныштырды.

Абидов буга чейин Бишкектин Ленин жана Панфилов райондорунун ички иштер башкармалыктарын жетектеген.

Экс-президент Сооронбай Жээнбеков кызматтан кетип жатып Малик Нурдиновго генерал-майор наамын ыйгарып кеткен. Нурдинов өлкөгө Өзгөчө абал кирген учурда Ош шаарынын, Кара-Суу жана Ноокат райондорунун коменданты болгон.

Буга чейин Нурдинов Жалал-Абад ОИИБинин башчысы болуп турган.