COVID-19: Акыркы суткада төрт адам каза болду, вирус дагы 191 адамда аныкталды

Акыркы сутка ичинде коронавирус инфекциясына чалдыккан төрт адам каза болду — үчөө Бишкекте, бирөө Баткен облусунда.

Мындан тышкары, акыркы суткада COVID-19 вирусу 191 адамда аныкталды. Ооруга кабылгандардын көбү Чүй облусунда катталды — 78 адам. Ал эми Бишкекте 48, Ысык-Көл облусунда 20, Жалал-Абад облусунда 14, Ош облусунда 9, Ош шаарында 5, Баткен облусунда 9, Талас жана Нарын облустарында төрттөн адамда коронавирус табылды.

Илдетти жаңы жуктургандардын арасында 9 медицина кызматкери бар. Бишкек, Ош шаарларында жана Баткен облусунда экиден медикте, Чүй, Жалал-Абад жана Ысык-Көл облустарында бирден медикте COVID-19 аныкталды.

Акыркы сутка ичинде 343 адам оорудан айыгып, үйлөрүнө чыкты. Ооруканада 1261 бейтап дарыланууда. Алардын ичинен 53 адам өтө оор абалда, дагы 369 бейтаптын абалы оор деп бааланууда.

Пандемиянын башынан бери Кыргызстанда коронавирус инфекциясы 80 373 адамда аныкталды. Алардын ичинен 74 820 адам илдеттен айыгып, 1348 адам каза болду. Мындан тышкары, коштоочу оорулары бар болгонуна байланыштуу COVID-19дан каза болгон дагы 400 учур статистикадан алынган.