Бишкекте патрулдук милицияга кол салган эки киши кармалды

Шектүүлөр. Сүрөт: Бишкек ШИИБи

Бишкекте 27-декабрга караган түнү белгисиз кишилер патрулдук милициянын кызматкерлерине кол салган. Уруш учурунда укук коргоо органдары асманга эки ирет ок чыгарууга аргасыз болушкан.

Бишкек шаардык ички иштер башкармалыгы тасмадагы эки шектүү колго түшкөнүн кабарлады — алар 30 жана 16 жашта.

Милициянын маалыматына ылайык, ошол күнү патрулдук милициянын кызматкерлери 7-апрель жана Токомбаев көчөлөрүнүн кесилишинде «Фольксваген Пассат» үлгүсүндөгү унаа жол эрежесин бузуп жатканын байкашкан.

Инспекторлор унааны токтотуп, айдоочу жана жүргүнчүдөн документтерди талап кылышкан. Ошол учурда укук коргоочулар шектүүлөрдөн алкоголдун жытын сезишкен.

«Мас абалда болгон кишилер уят сөздөр менен сөгүнүп, каршылык көрсөтүшкөн. Алар мушташты баштап, кенже сержанттын погондорун жулуп, патрулдук милициянын кызматкерлерине кол салышты», — деп жазылат билдирүүдө.

Милиция бул окуя боюнча «Ээнбаштык» беренеси менен сотко чейинки өндүрүштү баштады. Шектүүлөр Октябрь РИИБге жеткирилип, убактылуу кармоочу жайга киргизилди.