Ош облусунда мектеп курууда мамлекетке 24 млн сом зыян келтирилген — Башкы прокуратура

Ош облусунун Кара-Суу районунун прокуратурасы Киров айылындагы мектептин курулушунда мамлекетке 24 млн сом зыян келтирилгенин аныктады. Бул тууралуу Башкы прокуратуранын басма сөз кызматы кабарлады.

Басма сөз кызматтын билдиришинче, 2014-жылдан 2018-жылга чейин Кара-Суу районунун Сарай айыл өкмөтү 720 окуучу орундук, жалпы суммасы 159 млн сомду түзгөн «Акмат Курулуш» ЖЧКсы менен жалданма келишимин түзгөн. Мектеп 2019-жылдын сентябрь айында гана эксплуатацияга берилген.

«Райондук прокуратура аныктагандай, Сарай айыл өкмөтүнүн жана «Акмат Курулуш» ЖЧКнын кызмат адамдары мектептин курулушу боюнча аткарылган жумуштардын актыларына жалган маалыматтарды киргизүү жолу менен айрым жумуштарды (наркын) жогорулатылган баада, иш жүзүндө аткарылбаган жумуштарды аткарылды деп, ошондой эле, айрым аткарылган жумуштарды кайталап киргизүү менен мамлекетке 24 млн 209 миң сом өлчөмүндө зыян келтирген», — деп билдиришти Башкы прокуратуранын басма сөз кызматынан.

Аталган факты боюнча сотко чейинки өндүрүш иштери башталды.

Башкы бетке юллюстрациялык сүрөт жайгаштырылды.