Бир видео менен: Бишкектин милициясы тургундарды келе жаткан Жаңы жылы менен куттуктады

Бишкек милициясынын кызматкерлери жашоочуларды келе жаткан Жаңы жылы менен куттуктап, майрамдык видеоролик даярдаган. Анда Эски аянтта патрулдук автоунаалар алгач Жаңы жылдык балатыны, андан соң 2021 санын чагылдырып тизилишкен.

«Ушул жыл көпчүлүк үчүн оор жана кайгылуу болду. Биз жакын адамдарыбыздан айрылдык. Эми аларды эч качан унутпайбыз, сагынуу менен эскеребиз. Ошондой эле, быйылкы Жаңы жылды жалгыз тосом деп ойлогон адамдар дагы бар, бирок андай эмес. Эң кыйын күндөрдө дагы биз сиздер мененбиз», — деп жазды Бишкек ШИИБнин басма сөз кызматы.

Милиция кызматкерлери кыйын күндө калган мекендештерге жардам колун сунган жарандарга чын жүрөктөн ыраазычылык билдиришкен. Алар мындай кадамы менен жарандар «оор күндөрдө бири-бирине болгон ырайымдуулук, кайрымдуулук жана ынтымак деген эмне экенин көрсөтүшкөнүн» белгилешкен.

«Элине кызмат кылып, алардын бакубат турмушу үчүн тынымсыз эмгектенген бардык укук коргоо органдарына, ыктыярчыларга, социалдык жана медицина кызматкерлерине ыраазычылык билдиребиз», — деп белгилешти Бишкек ШИИБнин басма сөз кызматынан.

Жыйынтыгында борбор калаанын милициясы бардык жарандарды жана шаардын меймандарын Жаңы жылы менен куттуктап, бактылуу, тынч жана бакубат жашоо каалады.