Жапаровдун мурдагы адвокаты соттук реформа бөлүмүнүн башчысы болуп дайындалды

Замирбек Базарбеков, сүрөт: президенттин басма сөз кызматы

Президенттин басма сөз кызматы Президенттик аппараттын соттук реформа жана мыйзамдуулук бөлүмүнүн башчысы болуп Замирбек Базарбеков дайындалганын кабарлады. Жарлыкка президенттин м.а. Талант Мамытов 23-декабрда кол койгон.

Базарбеков буга чейин президенттикке талапкер Садыр Жапаровдун адвокаты болгону белгилүү. Базарбеков 1989-жылдан тартып прокуратура жана адвокатура тармагында иштеп келген. 2001-жылы ал Сотторду тандоо кеңешинин башчысы болуп дайындалган. Бирок коомчулуктун сынына кабылгандан кийин отставкага кеткен.

Анда Сот системасын көзөмөлдөө боюнча жарандык кеңеш Базарбековду буга чейинки ээлеген кызматындагы бузуулары үчүн айыптаган болчу.

Алар Базарбеков адам укугун бузган жана «аттестациядан өткөн эмес» деп билдиришкен.

Жапаровдун дагы бир адвокаты Акин Токталиев дагы Дин иштери боюнча мамлекеттик комиссиянын жетекчиси болуп дайындалган. Токталиевдин дайындалышы тууралуу жарлыкка ошол кезде президенттин милдетин аткарып турган Садыр Жапаров өзү кол койгон.

Анткен менен Токталиевдин дайындалышына мамкомиссиянын кызматкерлери нааразы болушкан. Ал дайындалгандан кийин 45 кызматкердин ичинен 40ы жаңы башчынын буйруктары менен тапшырмаларын аткарбай тургандарын, себеби алар мыйзам бузаарын билдиришкен.

Кызматкерлер Жапаров дайындаган адам көп жылдар бою экстремисттик жана террористтик ишмердүүлүгү үчүн соттолгондорго адвокат болгонун, ал кызыкчылыгын коргогондордун арасында Кыргызстанда тыйуу салынган «Хизб ут-Тахрир» жана «Жайшуль-Махди» уюмдарынын мүчөлөрү бар экенин кошумчалашкан.

Жапаров дайындаган кадрлар

Садыр Жапаровдун тарапкерлери өлкөнүн ар башка мамкызматтарын аркалашат. Жапаров 5-6-октябрдагы тополоң учурунда колониядан бошотулгандан кийин тарапташтарынын жардамы менен премьер-министрдин жана президенттин м.а. болуп дайындалган.

Бул кызмат орундарга келери менен Жапаров кадрдык алмашууларды ишке ашырган. Анын ичинде, УКМКнын төрагалыгына досу, үзөңгүлөшү Камчыбек Ташиев дайындалган.

Мындан тышкары Жапаров, облустардын дээрлик бардык ыйгарым өкүлдөрүн алмаштарып, алардын ордуна Ташиев экөө түптөгөн «Мекенчил» партиясындагы партияларштарын дайындаган.

Жапаров президенттин м.а. кызматын өткөрүп бергенден кийин бул жогорку кызматка анын үзөңгүлөшү Талант Мамытов келген.