Өгөй атасы тарабынан зордукталып жүргөн 15 жаштагы кыз жактоочусунан баш тартып жатат

Иллюстративдик сүрөт

Чүй облусунун Токмок шаарында өгөй атасы тарабынан эки жылдан бери зордукталып келгени айтылган өспүрүм кыз 29-декабрда жактоочусунан баш тартты. Бул тууралуу «Клоопко» секелектин жактоочусу Шердор Абдыкапаров билдирди.

«Бүгүн кыз психикалык оорулуулар бейтапканасынан чыгарылды. Аны Токмок шаарынын социалдык жактан коргоо кызматы алып кетти. Эмнегедир ал менден бүгүн баш тартып жатат. Сиздерге да кызыктай туюлдубу? Бирок мен расмий түрдө өтүнүч жаздым, жазуу жүзүндө жооп беришсин», – деди Абдыкапаров.

Анын айтымында, социалдык жактан коргоо кызматкерлери менен кыздын апасы да бирге жүргөн. Мындан сырткары, жактоочу кыздын апасы милицияга «Рамиль» аттуу 22 жаштагы киши анын кызын зордуктап жүргөн деп арыз жазгандыгын кабарлады. Анткен менен Абдыкапаров муну апасы өгөй атаны жоопкерчиликтен куткаруу максатында айтып жатат деп эсептейт.

«Мага кыздын укугун коргоо үчүн таенеси кайрылган. Алар менден жазуу түрүндө баш тартышса да, кылмышкерлер жоопко тартылганга чейин бул ишти таштабайм, аягына чейин иштейм», — деди ал.

Буга чейин 15 жаштагы өгөй кызын эки жылдан бери зордуктап жүргөнү айтылган киши 21-декабрда тергөө изоляторуна киргизилгени маалымдалган. Кыздын «зордукталганы экспертизада аныкталганына карабай» милиция өгөй атаны үч-төрт күндөн кийин гана кармаган.

Чүй облустук ички иштер башкармалыгы аталган факт боюнча «Зордуктоо» беренеси менен сотко чейинки өндүрүштү баштаган.

Кыздын кордолуп жүргөнүнөн апасынын кабары болгон, анткен менен ал жолдошунун кылмышын жашырып келген. Кыз зордукталып жүргөнүн алгач таенеси менен таежесине айткан. Андан соң алар милицияга кабарлаган.

Арыз жазылгандан кийин өспүрүм кызды апасы психикалык оорулуулар бейтапканасына жаткырып койгон. Кийинчерек ооруканага өгөй атасы келип, «ага каршы көрсөтмө» бере турган болсо кызды «өлтүрөм» деп коркутканы айтылган.

Тема боюнча:

Чүй: Өспүрүм кызды эки жылдан бери зордуктап жүргөн өгөй атанын иши териштирилүүдө

Токмок шаарынын тургуну өгөй кызын зордуктоого шектелип кармалды