COVID-19: Акыркы суткада бир адам каза болду, вирус дагы 191 адамда аныкталды

Республикалык штаб акыркы сутка ичинде COVID-19 илдетинен бир адам каза тапканын маалымдады. Пандемия башталгандан бери республика боюнча коронавируска жана ооруканадан тышкаркы пневмонияга чалдыккан 1 355 адам кайтыш болду.

Мындан тышкары, акыркы сутка ичинде коронавирус инфекциясы өлкө боюнча 191 адамда аныкталды:

  • Бишкек — 64;
  • Ош шаары — 4;
  • Чүй облусу — 46;
  • Ош облусу — 9;
  • Талас облусу — 7;
  • Нарын облусу — 5;
  • Ысык-Көл облусу — 27;
  • Жалал-Абад облусу — 24;
  • Баткен облусу — 5.

Кыргызстанда пандемия башталгандан бери COVID-19 жуктуруунун 81 034 учуру катталган.

Акыркы сутка ичинде эки медицина кызматкери дартка кабылган — алар Бишкек шаарынын ооруканаларында эмгектенишет.

Мындан тышкары, сутка ичинде илдеттен беш медик айыгып чыкты, дагы үч медик үй карантининен чыгарылды. COVID-19 диагнозу тастыкталган медиктердин жалпы саны 4 114 адамга жеткен, алардын ичинен 3 918 айыгып чыкты.

Пандемия маалында жалпысынан 75 918 адам коронавирустан айыккан.