Салык отчётун электрондук түрдө тапшыруу мөөнөтү 1-апрелге чейин узартылды

Уюмдар, жеке ишкерлер, андан тышкары ыктыярдуу патент боюнча иштегендер 2021-жылдын 1-январынан тартып салык отчётторун электрондук түрдө гана бере башташмак. Бул үчүн алар Калкты тейлөө борборлорунан (КТБ) электрондук кол тамга алуулары керек болчу.

31-декабрда өкмөттөн билдиришкендей, уюмдар үчүн электрондук түрдө салык отчёттуулугун тапшыруу мөөнөтү 2021-жылдын 1-апрелине чейин узартылды, ал эми жеке ишкерлер бул системага кийинчерээк өткөрүлөт.

«Буга катар жөнөкөй электрондук кол тамга коюлган, салыктык отчеттуулукту электрондук документ түрүндө милдеттүү түрдө берүүгө өтүү жеке ишкерлер тарабынан 2021-жылдын 1-январынан тарта ишке ашырылат», — деп кабарлады өкмөт.

Дегеле электрондук кол тамга деген эмне?

Бул кагаз бетиндеги кадимки кол тамганы алмаштырган сыр сөздөрдүн же белгилердин комбинациясы. Электрондук кол тамганы жасалмалоо кыйын, анда жасалмалоодон сактай турган коргоо деңгээли жогору.

Ал көптөгөн маморгандар менен иштешүүнү жеңилдетет: аны колдонуу менен ар кандай документтерди алуу үчүн мекемеге баруу убаракерчилиги жокко чыгат. Мисалы, аны «Түндүк» мамтутумунда колдонсо болот. БЭКТ кол менен коюлган кол тамганын ордуна толук кандуу юридикалык кол тамга болуп берет.

Ал 2021-жылдын 1-январына чейин бир жылдык мөөнөткө акысыз берилет: бул үчүн керектүү документтерди көрсөтүү жетиштүү. Андан кийин кызматтын баасы 400 сомдун тегерегинде болот деп божомолдонууда — анын ичине БЭКТтин өзүнүн, сактоо үчүн атайын «булуттун» жана банктын комиссиялык төлөмдөрүнүн наркы кирет. Аны КТБлардан алса болот. Кол тамганы алыш үчүн жеке жактар «Инфоком» МИнин Күбөлөндүрүү борборунун Регламентине кошулуу жөнүндө келишими, паспорттун түп нускасы менен көчүрмөсү керектелет:

  • «Инфоком» МИнин Күбөлөндүрүү борборунун Регламентине кошулуу жөнүндө келишим.
  • Күбөлөндүрүү борборунун колдонуучусунун ишеним каты (юридикалык жактардын өкүлдөрү үчүн);
  • Күбөлөндүрүү борборунун колдонуучусунун паспортунун түп нускасы;
  • ыйгарым укуктуу адамды кызмат ордуна дайындоо жөнүндө уюмдун буйругунун көчүрмөсү;
  • уюмдун жетекчисинин дайындалышы тууралуу буйруктун көчүрмөсү;
  • юридикалык жакты мамлекеттик каттоо/кайра каттоо жөнүндө күбөлүктүн көчүрмөсү.