COVID19: Бир суткада жаңы 91 учур катталып, бир киши каза болду

3-январга карата бир суткада өлкө боюнча коронавирустун жаңы 91 учуру катталып, Бишкекте бир бейтап каза болду.

Аймактар боюнча алып караганда эң көп жаңы учур Чүй облусунда — 37 катталган. Андан кийин Бишкек шаары — 34, Нарын менен Ысык-Көлдө алтыдан учур катталса, Баткенде — 3, Ош шаары менен Талас облусунда экиден, Ош облусунда бир учур, ал эми Жалал-Абад облусунда жаңы учур катталган эмес.

Коронавирус пандемиясы башталгандан бери жалпысынан 81 305 киши илдетке чалдыгып, 76 563 киши оорудун айыкса, 1359 киши өмүрү менен кош айтышкан.

Республикалык штабдан кабарлашкандай, учурда стационарда 980 бейтап дарыланууда, алардын ичинен — 14 адам канааттандыраарлык абалда, 671инин абалы орто, 245и оор абалда жана 50 бейтап өтө оор абалда. Ал эми 1485 бейтап амбулатордук түрдө дарыланып жатат.

Ошондой эле, бир сутка ичинде өлкө боюнча медициналык кызматкерлер арасында коронавирус жуктуруп алгандар катталган жок. Ал эми бир суткада стационардан – 4, үй карантининен - 2 медкызматкер чыгарылган.

Жалпысынан республика боюнча COVID-19 диагнозу менен медициналык кызматкерлер арасында – 4120 учур катталып, алардын ичинен 3938 медкызматкер сакайды.