Таласта тез татым жайында газ баллон жарылып, 11 киши жаракат алды

Талас облусунун Кара-Буура районундагы Кызыл-Адыр айылындагы «Шаурма City» тез татым жайында газ баллон жарылып, 11 киши ар кандай жаракаттарды алды. Бул тууралуу ӨКМдин маалымат кызматы билдирди.

Тез татым жайында газ баллон жарылганы боюнча билдирүү өрт өчүрүү кызматына 14:54тө түшкөн. Тилсиз жоо саат 15:28де чектөөгө алынып, андан кийин толугу менен өчүрүлгөн.

Ал эми Саламаттык сактоо министрлигинен билдиришкендей, жабыркаган 11 киши тең ооруканага жеткирилген, алардын төртөөнүн абалы оор.

«Учурда алардын бардыгына шокко каршы жана инфузиондук терапия көрсөтүлүүдө. Облустук ооруканадан эки реаниматолог жана эки травматолог жиберилди», — деп министрликтен билдиришти.

Жабыркагандардын жаш курагы такталууда.