Финполдун жетекчиси Жапыкеев кант диабети менен ооруканага түштү

Сүрөт Сыймык Жапыкеевдин фейсбук баракчасынан алынды. 

Экономикалык кылмыштарга каршы күрөшүү боюнча мамлекеттик кызматынын жетекчиси Сыймык Жапыкеев ооруканага түштү. Бул тууралуу Жапыкеев өзү фейсбук барагында 4-январда билдирди.

«Достор, баары жакшы. Кант диабети бүгүн көтөрүлүп кетти. Ден соолукка акыркы күндөрү көп күч келип жатат. Диабетти бир да окумуштуу айыктыра албай койду. Эч жериң оорубай туруп эле, бүт органдарды жейт экен. Буюрса бир жумадан кийин кайра жумушка чыгам», — деп жазган финполдун башчысы.

Жапыкеев «Чоң Казат» партиясынан депутаттыкка аттанган. Кесиби боюнча юрист. Буга чейин 2015-жылдан 2018-жылга чейин «Кумтор Голд Компани» жабык акционердик коомунун юристи болуп эмгектенген.

Ошондой эле, 4-октябрдагы парламенттик шайлоонун жыйынтыгына нааразы болгондордун митингинен бир күндөн кийин Жапыкеевдин Башкы прокурордун милдетин аткаруучу болуп дайындалганы тууралуу партиялаштары кабарлаган. Алтургай ал башкы прокурор катары Матраимовдорго, Жээнбековдорго жана Абылгазиевге кылмыш иши козгоолору тууралуу айтканга да үлгүргөн.

Кийинчерек 2020-жылдын 17-октябрында Жапыкеев Экономикалык кылмыштарга каршы күрөш боюнча мамлекеттик кызматынын жетекчиси болуп дайындалган. Тиешелүү буйрукка ошол кездеги президенттин милдетин аткаруучу болуп турган Садыр Жапаров кол койду.

«Чоң Казат» партиянынын Кыргызстанда таасирлүү деп эсептелген Матраимовдордун үй-бүлөсү менен байланышы бар деген божомолдор айтылган. Бирок «Чоң Казаттын» мүчөлөрү бул маалыматты четке кагып келишет. Матраимовдордун үй-бүлөсү «Клооп», «Азаттык» жана OCCRPнин журналисттеринин иликтөөсүнүн фигуранты болгон.