«Чоң Казат» кыймылынын мүчөлөрүнүн бири Сыймык Жапыкеев жергиликтүү депутаттардын, аткаминерлердин жана олигархтардын мүлкүн кайтарып алыш керек деген билдирүү менен видео жарыялагандан кийин өлкөдө аталган кыймылдын атагы чыга баштаган.

Кыймылдын жаштар канаты мамлекеттик башкаруу системасынан эски форматтагы саясатчыларды сүрүп чыгарууну көздөйт.

Учурда кыймылдын фейсбуктагы барагына дээрлик 25 миң колдонуучу катталган. Мындан тышкары, бирикменин мүчөлөрү үзөңгүлөштөрүнө кайрылуу жана жарандарды катарына чакыруу үчүн инстаграмдагы барактарын да жигердүү пайдаланышат. Ошондой эле алар өздөрүнүн соцтармактарында жарандардын, активисттердин, жада калса айрым депутаттардын да видео кайрылууларын жарыялап турушат.

«Клооп» «Чоң Казат» эмне үчүн таанымал боло баштаганын, анын башкы мүчөлөрү ким экенин жана бул кыймыл эмне үчүн күрөшүп атканын аныктоону чечти.

Казат же туура иш үчүн согуш

Кыймылдын аталышы: «туура иш үчүн чоң согуш же чоң аскердик жүрүш» дегенди түшүндүрөт. Бирикменин сайтында ал «коррупцияга каршы күрөшүү жана Кыргызстандын экологиясын сактоо үчүн коомдук кыймыл» деп жазылган.

«Чоң Казат» кыймылы партия катары катталбаганы менен ошол эле сайтта партиянын башчысы катары Максат Мамытканов көрсөтүлгөн. Кыймылдын башка жигердүү мүчөлөрүнө төмөнкү кишилер кирет — Канат Хасанов, буга чейин белгилүү Сыймык Жапыкеев, Жаркынбек Касымбеков, Вероника Исаева, Абдималик Кудайберди, Фазильжон Турсунов, Бекжан Рысмендиев.

Кыймылдын лидери Максат Мамытканов — юрист жана экономист, ошондой эле ал УКМКнын коррупция жана кызматтык кылмыштарга каршы күрөшүү боюнча бөлүмүнүн экс-башчысы. Бул кызматта ал 1997-жылдан 2007-жылга чейин иштеген.

Мамытканов «Санжыра» радиосуна курган маегинде «Чоң Казатты» түзүү чечими үстүбүздөгү жылдын январында Сыймык Жапыкеев жана Канат Хасанов менен бирге кабыл алынганын айткан. Муну Канат Хасановдун фейсбуктагы посту да ырастайт, ага ылайык, кыймыл ишин 2020-жылдын 27-январында баштаган.

Кыймылдын башка мүчөсү — прокуратуранын экс-кызматкеримин деп өзүн тааныштырган Сыймык Жапыкеев эсептелет. Ал өзүнүн «Ашканада» интернет-шоусунун арты менен белгилүү болгон. Ал анда түз эфир алып барып, өлкөдөгү коррупция тууралуу айтып берет. Кээде анын эфирлерине анын үзөңгүлөштөрү да катышат.

Бирикменин дагы бир жигердүү мүчөсү — бул Судьяларды тандоо кеңешинин экс-мүчөсү жана мурдагы адвокат Канат Хасанов болуп эсептелет. Ал орус бизнесмени Леонид Маевскийден мамлекеттик «Мегаком» байланыш операторун башкарууга жол ачып берүү үчүн 1 млн долллар пара алган делип айыпталган саясатчы Өмүрбек Текебаевди коргогону менен белгилүү. Ал учурда Текебаев парламенттеги оппозициячыл «Ата Мекен» фракциясынын лидери болуп турган.

Ал 2019-жылы документтерди жасалмалоо менен анын компаниясын банкрот кылышканы тууралуу билдирген. Анын айтымында, бул документтер УКМКнын мурдагы жетекчиси Абдил Сегизбаев менен анын орун басары Болот Сүйүмбаевдин көрсөтмөсү боюнча түзүлгөн. Ал бул окуядан кийин бир айдын ичинде өлкөдөн чыгып кетүүнү каалаган, бирок анткен эмес.

Хасанов «Kaktus.media» басылмасына курган маегинде, мурда Максат Мамытканов менен тегерек столдордо көп көрүшүп жүргөнүн айтып берген. Анын айтуусу боюнча, сүйлөшүүлөрдүн жүрүшүндө алар «мамлекет чегине жетти, митинг жок эле жарандардын аң-сезиминде революция кыла турган жаңы элитаны түзүш керек» деген ойго келишкен.

Ал учурда «Чоң Казат» партиясы бар болгонуна карабай үзөңгүлөштөрү бул брендди өздөрүнүн коомдук кыймылы үчүн колдонууну чечишкен.

«Биз тегерек столдорду уюштурууну пландап, алтургай биринчи жолугушуу үчүн Бишкектеги отелдердин биринде жыйындар залын алып койгонбуз. Бирок коронавирус болуп калып, бардыгын жыйыштыра турууга туура келди», — деп айткан Канат Хасанов.

Хасановдун айтымында, үзөңгүлөштөрү «Чоң Казат» коомдук кыймылын убактылуу каттап коюшкан, бирок жакын арада партияны калыбына келтирүү жана парламенттик шайлого катышууга даярдануу боюнча иштерди баштоону пландап жатышат.

Канат Хасановдун айтуусу боюнча, учурда кыймылдын Кыргызстанда 36 жана Орусияда 8 штабы бар.

«Биздин кыймылга бүгүнкү күндө 100 миңден ашуун кыргызстандык кирет. Биз алардын эсебин чыгарып турабыз. Адамдар бизге өздөрү чалып, үйлөрүн штаб катары колдонууга сунуштап, өздөрү бизге кошулууну кааларын айтышкан», — деп айткан ал «Kaktus.mediaга» курган маегинде.

Хасановдун айтымында, «чоң казатчылар» учурдагы партиялар, экс-аткаминердер жана экс-депутаттар менен биригишпейт. «Бедели булгана элек жаңы партиялар менен бириге алабыз. Шайлоого акчаны да “Элсом” аркылуу жыйнайбыз», — деп билдирген Хасанов.

Анын айтымында, бирикмеде Орусиянын жана Европанын алдыңкы ЖОЖдорун бүткөн 28 жана 35 жашка чейинки билимдүү жана прогрессивдүү жаш кыздар менен балдар көп. Адвокаттын айтымында, тек гана ошолор болочок саясий уюмдун иш-аракет планын түзүшөт.

Кубанычбек Жумалиевге каршы казат

Депутат Кубанычбек Жумалиев

«Чоң Казат» кыймылынын лидери Максат Мамытканов айтып бергендей, кыймылдын мүчөлөрү коррупционерлердин тизмесин түзүшүүдө жана алардан уурдалгандарын кайтарууну талап кылышат.

«Биз бул кыймылды коррупцияга каршы күрөш жарыялап, коомдук демилге көтөрдүк. “Ошол күрөштү кимден баштайбыз?” деген суроо туулат. Биз болсо “коррупциянын бардыгы Акаевден башталган” деген негизде анын учурунда кылмыштуу иштерге аралашкандардын бардыгын жоопко тартууну талап кылабыз», — деп келтирет «Азаттык» Мамыткановдун айткандарын.

Бул кыймылдын мүчөлөрү алгачкы казатын депутат Кубанычбек Жумалиевден башташкан. Алар аталган депутат коррупциялык махинацияларга аралашканын жана анын мүлкүн тартып алыш керек деп билдиришкен. Алардын айтуусунда, Жумалиев 2,5 млрд долларга ээлик кылат, ошондой эле анын менчигинде фабрикалар, клиникалар, жүздөн ашуун батир жана хан сарайлар бар.

Ал эми «Бир Бол» фракциясынан парламенттин депутаты Кубанычбек Жумалиев Куран кармап, коррупциялык махинацияларга аралашпаганын айткан. Ал ар башка убакта премьер-министр, транспорт жана жол министри кызматтарын аркалап келген.

«Мен, Жумалиев Кубанычбек Мырзабекович, 1992-жылдан 2005-жылга чейинки иштеген учурда бир дагы коррупциялык ишке катышкан эмесмин. Экинчиден, менин туугандарын сурап келгенде интеллектуалдык деңгээлде идеямды айтып, бирок алар өз эмгеги менен өз тапкан акчасына сатып алып иштеп жатышат. Кайсы учурда болбосун, так жана таза адам катары жүрөм», — деп айткан ал түз эфирде.

Мындан кийин «Чоң Казат» кыймылынын мүчөлөрү соцтармактардагы барактарында парламентарийдин болжолдуу мүлкү тууралуу маалымат жарыялашкан. Негизинен Сыймык Жапыкеев депутат менен жаш кезинде бирге окуду делген тууганынын маалыматтарын ачыктаган.

«Жумалиев бир тууган жездеме [баасы] миллиондогон төрт объектти каттаткан. [...] Ошого [баасы] миллиондогон заводдорду, фабрикаларды, жерлерди жол-жоболоштуруп койгон. Бул боюнча арыз жазам мен, бүт териштиребиз. Биз достор Жумалиевди аягына чейин бүтүрөлү, муну каматалы, комиссия түздүрөлү. Жумалиев “Таатан” жээнимдики [деп жатат]. [...] Ал “Насаат ТВ” ачып алыптыр, карасам бүт эле концерт», — деп билдирген Жапыкеев.

Мындан тышкары, ал Кыргызстанда «30 белгилүү ууру» бар экенин жана алар азыр «[карантинден улам] өлкөдөн чыга албай жатышат» деп айткан.

«Келгиле, баарыбыз чогулуп, алардын үйүнө баралы. Мисалы, 10 миң адам Жумалиевдин үйүнө барып, андан биздин Кытайга карата тышкы карызыбызды төлөп берүүсүн талап кылсын. Жаныбызга нотариусту алып алабыз, ал депутаттын распискасын күбөлөндүрүп берет», — деп жазган Жапыкеев.

Бул билдирүүлөрдөн кийин финпол парламенттин депутаты Кубанычбек Жумалиевдин мүлкүн текшерүү боюнча сотко чейинки өндүрүш баштаган.

Финполдун басма сөз кызматынын маалыматына ылайык, Башкы прокуратура ишти Жазык кодексинин «Мыйзамсыз баюу» жана «Кызмат адамынын ишкердикке мыйзамсыз катышуусу» беренелери менен КЖБРге каттаган.

Кийинчерээк, 26-майда, ведомство парламенттин депутаты Кубанычбек Жумалиевдин мүлкүн аныктаганын, депутаттын уставдык капиталда үлүшү бар экенин жана ал уюмдаштыруучу, жетекчи болуп саналаарын маалымдаган.

Финполдун билдирүүсүндө депутаттын жакын туугандарынын «көп сандаган мүлкү» аныкталганы айтылган, бирок ал тууралуу так маалымат ачыкталган эмес. Мындан тышкары, финпол Жумалиевдикинде тинтүү жүргүзгөн.

Андан кийин Жумалиев «Чоң Казаттын» лидердеринин бири Канат Хасановду кылмыш жоопкерчилигине тартуу талабы менен ИИМге арыз жазган. Депутат аны кылмыш жасалгандыгы жөнүндө билип туруп жалган билдирүү жасоо үчүн жоопко тарткысы келет.

Депутаттын адвокаты Бактыбек Жумашев фейсбук барагында арыз ИИМге 28-майда «Канат Хасанов депутат Кубанычбек Жумалиевди оор кылмыш кылды деп ачык айыптаганына байланыштуу» берилгенин жазган.

29-майда Жумалиевдин адвокаттары басма сөз жыйын өткөрүп, анда депутатта 50дөн ашуун фирма жана компаниялар бар деген сөз чындыкка дал келбейт деп билдиришкен. Алар бүгүнкү күндө депутаттын сегиз гана компаниясы иштеп жатканын айтышкан.

Юристтин айтымында, Жумалиев 2015-жылдын октябрында депутат болуп шайлангандан кийин бул сегиз компанияны үчүнчү адамдарга ишенимдүү башкарууга өткөрүп берген. Калган 42 компаниянын көбү башында чарба иштерин алып барган эмес. Ошол эле учурда, айрым компаниялары иштеп турса да кийин ишмердигин токтотушкан.

«Азыр алардын көбү жабылган, калгандары салык жана сот органдары аркылуу ликвидация процессинде турат. Дал ошондуктан компаниялардын маалыматтары киреше декларациясына кирбей калган», — деп айткан адвокат Жыргалбек Бабаев.

Анын айтымында, бүгүнкү күндө депутат Жумалиев Байтик Баатыр көчөсүндөгү үйдө батирге жана Эркиндик бульварында жер тилкесине ээлик кылат. Жубайынын Түлеев жана Шопоков көчөлөрүндө кыймылсыз мүлкү бар. Депутаттын балдары жер тилкелерине жана батирге ээлик кылышат.

«Бул мүлктүн баары эл өкүлү ишкер болуп жүргөн кезинде эле сатылып алынган. Колубузда бардык документтер бар, тергөө органдары талап кылса аларды беребиз», — деп айткан юрист.

Кийинчерээк депутаттын башка адвокаты Бактыбек Жумашев ачык кат жазып, анда ал парламентарий кандай жол менен бизнес жасаганын айтып берген.

Катка ылайык, Жумалиев ишканаларын ачуу жана өнүктүрүү үчүн насыяларды алган. Парламентарий өлкөнүн банктарынан 2006-жылдан тарта 16 млн доллар кредит алган.

Куран кармап, коррупциялык иштерге аралашпаганын билдирген депутат өткөн жылдын декабрында Economist.kg басылмасы менен «Декларатор» долбоорунун иликтөөсүнүн фигуранты болгон. Журналисттер аныкташкандай, Жумалиев өз декларацияларында ага жана анын жубайы Роза Амановага толук же жарым-жартылай таандык болгон 50 фирманы көрсөтпөй, аларды Салык кызматынан жашырып койгон.

Жумалиев Куран кармап берген антында айткан жылдары жогорку мамкызматтарды ээлеп турган. 2005-2015-жылдары тыныгууда болуп, ал бул жылдар аралыгында Улуттук илимдер академиясында илимий ишмердик кылып жүргөн. 2015-жылы Жумалиев парламенттин алтынчы чакырымында депутат болуп шайланган.

Журналисттердин маалыматы боюнча, ал мамлекеттик кызматта иштеп жатканда 50 фирманын ичинен 20сын ачууга жетишкен жана алардын 19ун парламенттин депутаты болуп турганда ачкан.

Депутаттын бизнесинин арасында, Юстиция министрлигинин базасында жеке менчик формадагы «мектептер, колледждер, университеттер» деп катталган компаниялар көп — бардык фирмалардын үчтөн бири билим берүү тармагында иштейт. Анын ичинде, 2016-жылы Жумалиев депутат болуп иштеп жатканда өз атын ыйгарып ачкан Физика-математика багытындагы мектеп-лицейи да бар.

Economist.kg басылмасы да фирманын ар бири тууралуу маалыматтык карточкаларды жарыялаган. Аларды кеңири бул шилтемеден көрсө болот.

Башка депутаттарга каршы казат

Депутат Жумалиевге байланыштуу окуядан кийин «Чоң Казат» кыймылы башка парламентарийлердин да көңүлүн бурган — депутаттар кыймылды парламент жыйындарында бир нече күн талкуу кылышкан.

Депутат Руслан Казакбаев 13-майда аткаминерлерге таандык мүлктөрдүн мыйзамдуулугун текшерүүнү талап кылган кыймылдын аудиториясынын чоңдугуна нааразычылыгын билдирген. Ал бул «чоң бир нерсенин башталышы» деп кооптонууда.

«Жада калса саясатчылардын билдирүүлөрүн мынча адам окубайт. Азыр алар айылдарды аралап, аларды колдоого чакырып жүрүшөт. Алардын билдирүүсү менен парламенттин депутаты Кубаныбек Жумалиевдин мүлкүн текшере башташты», — деген депутат.

Ошол эле жыйында депутат Тазабек Икрамов мыйзамсыз байыган аткаминерлерди текшерүү керек экендигин, «бирок бул ишти мыйзамсыз аракеттерге чакырып аткан айрым адамдар эмес, өкмөт кылышы керек» экендигин билдирген. Ошондой эле ал мурдараак мыйзамсыздык болуп кетишинен чоочулап атканын айткан.

«Элди коомдун тынчын алууга, жеке менчикти басып алууга чакырууга, эч кимдин укугу жок. Биз укуктук мамлекетте жашайбызбы же мыйзамсыздык өкүм сүргөн өлкөдө жашайбызбы? Адамдарды аңчылыкка чыгууга чакырган сөздөр айтылып жатат, аларды мыйзамсыз аракеттерге түртүп жатышат. Эмне үчүн өкмөт уктап жатат?» — деп айтып, ошол эле учурда саясатчы коррупцияга каршы экенин билдирген.

Депутат Ирина Карамушкина да ИИМдин «Чоң Казаттын» чакырыктарын текшерип-текшербесине кызыккан.

«“Чоң Казат” кыймылы уурдалганды уурдоого, тагыраагы мыйзамсыз жол менен байыган мамлекеттик аткаминерлердин, аткезчилердин мүлкүн тоноого чакырып жатат. “Чоң Казаттын” мындай чакырыктары бул беренеге [“Зомбулукка чакырык жасоо” беренесине] туура келеби?» — деп сураган ал.

ИИМдин башчысынын орун басары Алмазбек Орозалиев учурда бул билдирүүлөр текшерилип, чакырыктар зомбулуктун бар-жогуна юридикалык экспертизадан өтүп жатат деп жооп берген.

«Кылмыштын курамы бар-жогун аныктоо үчүн материал чогултулуп жатат», — деген ал.

Ошол убакта премьер-министр болуп турган Абылгазиев да чоочун бирөөнүн мүлкүн тартып алуу туура эместигин жана бардыгы мыйзам чегинде болушу керек деген.

«Тартып алгыла деп чакырган болбойт — бул мыйзамсыз ыкмалар. Биз Маммүлк фондусуна тапшырма бердик, ал мамлекеттик мүлк кантип сатылганын, кантип менчиктештирилгенин текшерет», — деп билдирген ал.

«Чоң Казат» кыймылы өзү ар бир президенттин тушунда бийликте болуп аткан коррупционерлер келе жаткан парламенттик шайлоодо да депутаттык мандаттарды сатып алышат деп кооптонууда.

Укук коргоо органдарына каршы казат

«Чоң Казат» кыймылынын мүчөсү Сыймык Жапыкеевдин соцтармактардагы айткан сөздөрү боюнча лингвистикалык экспертиза 7-майда, парламенттин депутаты Кубанычбек Жумалиевдин арызы боюнча демилгеленген. Аны Мамлекеттик соттук-эксперттик кызматы (МСЭК) өткөргөн.

ИИМдин басма сөз кызматы 26-майда билдиргендей, МСЭКтин корутундусуна ылайык, Жапыкеевдин билдирүүлөрүндө «массалык акцияларга, жигердүү баш ийбөөгө жана массалык баш аламандыктарга жана жарандарга карата зомбулук көрсөтүүгө чакырыктар» бар. Эксперттер анын билдирүүлөрүндө Жазык кодексинин «Жарандарга зомбулук көрсөтүүгө чакырыктар» (бийлик өкүлдөрүнүн мыйзамдуу талаптарына жигердүү баш ийбөөгө чакырыктар) беренесинде көрсөтүлгөн кылмыш белгилери бар.

Мындан тышкары, ИИМ депутат Жумалиевдин арызы боюнча иликтөөнү дагы деле жүргүзүп жатат.

Канат Хасанов жеке маалыматтарына таянып, фейсбук барагында Жумалиев «Бишкектин Ленин райондук сотунун төрагасына 100 000 доллар сунуштаганын» жазган.

Ал 28-майда Жапыкеев менен кошо күбө катары суракка алынып, алардан «Чоң Казат» кыймылы тууралуу сурашканын айтып берген.

Хасанов тарапташтарын сурактын жыйынтыгы кандай болгон күндө да митингге чогулбоону суранды, анткени «алар ушуну эле күтүп жатышат». Ал өзү ИИМдин тактикасына «илинбейт», эгер аны же башка лидерлерди «жок кылышса» да «Чоң Казатты» токтотуу мүмкүн эмес. Мындан тышкары, Хасанов сурактан кийин парламенттик шайлоого катышууга даярмын деген чечим кабыл алган. Хасанов өзү да жана «Чоң Казат» кыймылы да парламентке мыйзамдуу жол менен гана барышаарына ишендирген.

2-июнда Жапыкеев кайрадан беш сааттык суракка чакырылган. Ал ачыктабоо тууралуу колкаттан улам аны ИИМде кыймылдын ишмердигинен башка эмнени сурашканын айта алган эмес.

Кыймылдын лидерлеринин бири Максат Мамытканов 3-июнда ИИМдин тергөөчүлөрүнүн сурагынан өктөн. Анын айтымында, андан кыймылдын максаттары жана саясаттагы пландары жөнүндө сурашкан.

«Мисалы, “Чоң казат” саясий партиясы шайлоого даярданып жатат. Мен анын мүчөсүмүн. Башка балдар бизге кошулабы же жокпу, аны өздөрү чечет. Бизди Матраимовдорго жана башкаларга жабыштырып жатышат. Бирок бизде андай кызыкчылык жок, бул туура эмес», — деп билдирген Мамытканов «Азаттык» радиосуна.

Июнь айынын ортосунда соцтармактарда жана мессенжерлерде 1-июлда борбор калаа Бишкекте Жогорку Кеңештин имаратынын алдында масштабдуу митинг пландалып жатканы айтылган билдирүүлөр тараган. ИИМдин Экстремизм жана мыйзамсыз миграцияга каршы күрөшүү кызматы элди митингге чыгууга үндөгөн аудио билдирүүнү WhatsApp аркылуу Чүй облусунун тургуну таратып жатканын аныктаган.

ИИМден билдиришкендей, Москвада жайгашкан «Чоң Казат» тобунун бир катышуучусу «Ак үйдү өрттөп эле ташташ керек болуп калды, тетиги жүз жыйырма депутат менен чогуу» деген сөздөр менен WhatsApp аркылуу митингге чыгууга чакырган.

Эки факт тең «Бийликти күч менен басып алууга ачык чакырыктар» беренеси боюнча КЖБРге катталып, учурда сотко чейинки өндүрүш жүрүп жатат.

24-июнда «Чоң Казаттын» жаш канаты кыймылдын активисттери митингдерди пландоого жана башка нааразычылык акцияларына кандайдыр бир катыштыгы бар экени тууралуу маалыматты төгүндөшкөн.

«Биз митинг жана революцияларга каршыбыз. 2005-жылдын мартындагы жана 2010-жылдын апрелиндеги революциялардан кийин Бишкекте талап-тоноолор болгон. Ошондуктан биз тынчтык жолу менен гана өнүгүү үчүн чыгып жатабыз. Биздин атыбызды жамынып белгисиз адамдар элди митингге чакырып жатат. Анда чагымдарга ишенбегиле», — деп билдиришкен кыймылдын мүчөлөрү.

Матраимовдорго каршы казат

Искендер жана Райымбек Матраимовдор

«Чоң Казат» кыймылын таасирлүү деп эсептелген Матраимовдордун үй-бүлөсү менен байланыштуу деп көп шек санашат. Матраимовдордун үй-бүлөсү «Клооп», «Азаттык» жана OCCRPнин журналисттеринин иликтөөсүнүн фигуранты. Бирок кыймылдын мүчөлөрү бул кланга кандайдыр бир байланышы бар экенин четке кагышат.

«Жеке өз атымдан артыбызда Матраимовдор, Жээнбековдор же дагы бир башка жогорку кызматтын адамдары турбайт деп айта алам. Көптөгөндөр эмне үчүн Матраимовдор жөнүндө айтпайсыңар деп таң калып жатышат. Бул маселеде “Азаттык” менен “Клооптон” көп дагы эмнени айта алат элек? Мен жана Сыймык — юристпиз, Мамытканов УКМКда кызмат өтөгөн, куру кыйкырыктардын артында эмне бар экенин биз жакшы түшүнөбүз. Бүгүнкү күндө Матраимовдорго далилибиз жок, эгер пайда болсо биз аны ачыктоого даярбыз», — деген адвокат Канат Хасанов «Кактуска» курган маегинде.

Ошондой эле ал «Чоң Казат» кыймылынын мүчөлөрү #REакция 2.0 тынчтык антикорурпциялык митингине катышканын белгилеген. Бул акция Матраимовдордун үй-бүлөсү иликтөөдөн кийин 60 млн сом талап кылып, «Азаттык», «Клооп», 24.kg жана журналист Али Токтакуновду сотко бергенине арналган.

2019-жылдын майында кыймылдын лидери Максат Мамытканов «Марал» радиосуна курган маегинде, Матраимовдордун үй-бүлөсүнүн өлкө бийлигине таасири бар экенин билдирген.

Ал Райымбек Матраимов келе жаткан парламенттик шайлоого таасир этет деп эсептейт. Анын ою боюнча, дал ушул себептен улам 2019-жылдын 1-майында анын атасынын урматына уюштурулган волейбол турнирине көптөгөн жогорку кызматтагы аткаминерлер жана депутатар барышкан.

«Баары топтолуп барып, саясий деңгээли төмөн экенин көрсөтүштү. Булар атагы чыккан акындардын тоюна барбайт да, турнирлерге барат экен. Эмнеге Кара-Суудагы турнирге аткаруу бийлиги, парламент чогуу барды? Же алар эт жебей, волейбол көрбөй жүрүштү беле? Булар 2020-жылы боло турган шайлоого даярданып, тымызын сүйлөшүштү. Депутттар моралдык жактан бийик деңгээлде болгондо, Матраимовдордун тоюна бармак эмес», — деген Мамытканов.

Абылгазиевге каршы казат

Экс-премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев

Адвокат Канат Хасанов 2020-жылдын 3-июлунда башкы прокурор Өткүрбек Жамшитовдун дарегине билдирүү жазып, андан өлкөнүн мурдагы өкмөт башчысы Мухаммедкалый Абылгазиевге кылмыш ишин козгоону суранган.

«Чоң Казат» кыймылынын мүчөсү кайрылуусунда Абылгазиев өкмөт башчысы болуп турганда COVID-19 пандемиясынын жүрүшүндө «иш-чаралардын комплексин жүргүзүүдө кызматтык ыйгарымдарын колдонуп, учурдагы мыйзамга каршы аракет кылып, кызматтык ыйгарым укуктарына шалаакылык мамиле жасаган» деп билдирген.

Анын пикиринде, мурдагы өкмөт башчысынын иш-аракеттери «120дан ашуун адамдын өмүрүн кыйган, ал эми муну өзгөчө оор кылмыштардын категориясына кошсо болот».

«Кыргызстан үчүн эл аралык каржы институттарынан алынган каржылык жардамдардын кандай бөлүштүрүлгөнүн дыкат текшерилүүсүн суранабыз. Эгер каражаттар максатсыз пайдаланылганы тастыкталып кала турган болсо Абылгазиевге, Бороновго жана жеке пайда көрүү максатында акча каражаттарынын уурдалышына жол берген башка буга тиешелүү адамдарга кылмыш ишин козгоону суранабыз!» — деп жазылган адвокаттын арызында.

«ПолитКлиника» басылмасы 1-июлда пандемия мезгилинде өткөрүлгөн мамсатыпалуулар боюнча иликтөө жарыялаган. Ага ылайык, жеке коргонуу каражаттары менен беткаптардын баасы кымбат алынган.

Базар баасы 2 миң сомдон ашпаган коргонуу костюмдары 6 миң сомдон, ал эми респиратор беткаптары 300-400 сомдон сатылып алынган. Иликтөөнүн авторлору бут беткаптардын кадимки баасы 30 сомдон 150 сомго чейин экенин белгилешкен. Ошондой эле кадимки медициналык беткаптар 25 сомдон сатылып алынганы айтылган.

Журналисттер 2,5 млн сомго алынган жасалма дем алдыруучу аппараттарды сатып алууда да баалары кымбаттатылганын аныкташкан. Ошол эле учурда, сатылып алынган жасалма дем алдыруучу аппараттарды интернет-дүкөндөрдө 1 млн сомго алса болоору айтылган.