«Баспай жатканы үчүн сабаган». Наристенин өлүмүнө айыпталган тайкеси сот залынан бошотулду

Иллюстративдик сүрөт

Ысык-Көл облусунун Ак-Суу районунда бир жашар кыздын «өлүмүнө» айыпталган соттолуучу 5 жылга эркинен ажыратылды. Жогорку сот мындай чечимди өткөн жылдын 16-декабрында кабыл алган. Бирок, судья мунапыс боюнча мыйзамдын негизинде соттолуучуга үч жыл пробациялык көзөмөл берип, 20 миң сом айып салды.

*Пробациялык көзөмөл – бул соттолгон адамдарга сот тарабынан жүктөлгөн милдеттердин аткарылышына жана алардын жүрүм-турумуна көзөмөл жүргүзүү боюнча, аларды оң жолго салуу жана кайра социалдаштыруу, жүрүм-турумун түзөө, ошондой эле алардын жаңы укук бузууларды жасоолорун алдын алуу боюнча Мамлекеттик жаза аткаруу органы тарабынан жасалуучу иш. Сот мындай чечимди соттолуучу эркиндигинен ажыратуу түрүндөгү жазаны өтөбөй эле оңолушу мүмкүн деген тыянака келгенде кабыл ала алат.

Окуя 2020-жылдын 9-январында орун алган. Бир жаштагы кыздын атасы мындан бир жыл мурун кант дибаети оорусунан улам каза болуп, апасы кызын тайкесине жана жеңесине таштап, Түркияга эмгек миграциясына кетүүгө мажбур болгон.

Соттолуучу өз көрсөтмөсүндө билдиргендей, окуя болгон күнү анын кароосунда жүргөн наристенин ичи ооруп, аны жубайы көтөрүп жүргөн. Ал жумуштан келип, ымыркайды колуна алып үйгө кирип баратканда эки жолу кулап калганын айткан. Муну ал этиятсыздыктан үйдүн тепкичине эки жолу жыгылып кеткени менен түшүндүргөн.

Андан соң соттолучу жумушуна кеткен. Бирок, эки сааттан кийин кайра келүүгө мажбур болгон. Анткени жубайы ага наристе эс-учун жоготуп койгонун кабарлаган. Ал келип ооруканага алып барган. Анткен менен ымыркай денесине келтирген жарааттардан улам оорукананын жандандыруу бөлүмүндө чарчап калган.

Айыпталуучу бул окуяга чейин да наристени келтек менен бутка жана денесине чапкылагандыгы аныкталган. Ал муну наристе баспай жаткандыгы менен жүйөлөгөн.

Соттук отурумда айыпталуучу коюлган күнөөнү жарым-жартылай моюндаган. Себеби наристе төрөлгөндө эле анда жүрөк кемтик оорусу болгонун айткан. Анткен менен жабырлануучу дарыгерлердин айтуусу менен кызы бул оорусунан айыгып, жүрөгү калыбына келгенин билдирген.

Тергөөнүн алкагында дайындалган соттук-медициналык экспертизалар наристенин өлүмүнө анын денесине жана башына келтирилген жаракаттар себеп болгонун көрсөткөн.

Буга чейин Жогорку соттун расмий сайтында Жалал-Абад облусунун Базар-Коргон районунда сиңдисинин жети жашар кызын сабап өлтүрдү деген аял сегиз жылга камакта калтырылгандыгы маалымдалган. Бирок, судья мунапыс боюнча мыйзамдын негизинде соттолуучунун жазасынын үчтөн бир бөлүгүн кыскарткан.

Базар-Коргон районунун Бешик-Жон айыл аймагынын 46 жаштагы тургуну убактылуу багып жүргөн жети жашар кызды сабаган. Ал секелекти «Сен сабактан кеч келдиң, жакшы окубайсың, “эки” деген баа алдың..» деп, мештин жанында турган таяк менен урган.

Мындан улам секелек кыз эртеси мектепке баратып жолдо эс-учун жоготуп, жыгылган. Соттолуучу өз көрсөтмөсүндө ичимдик ичип келген жолдошу менен жаңжалдашып кеткендиктен, ачуусу менен секелекке кол көтөргөнүн айткан.