Бишкектин тез жардам кызматы таш барандан коргоочу каска сатып алды

Бишкектин тез жардам кызматынын жандандыруу бөлүмүнүн башчысы Егор Борисов твиттерде тез жардамдын бардык бригадалары үчүн коргоочу каскалар алынганын жазды.

Борисов өзүнүн твитинде медиктерди каска менен камсыздоо чечими үч ай мурда болуп өткөн окуялардан кийин кабыл алынган. Бул жерде 2020-жылдын 5-октябрындагы митигден кийинки медиктерге кол салуулар тууралуу сөз болуп жаткандай.

Анда беш медкызматкер жабыркап, алты тез жардам унаасы талкаланган.

Ал кезде саламаттык сактоо министри болуп турган Сабиржан Абдикаримов бул окуядан кийин саламаттык сактоонун кызматкерлери саясаттан алыс экенин, министрлик тез жардам унааларына араң жеткенин айтып чыккан.

Медик жана тез жардам унааларынан тышкары тополоң учурунда ИИМдин кызматкерлери менен тынчтык акциясына келген жарандар дагы жабыркаган. 5-октябрдагы башаламандыктар учурунда 19-жаштагы Үмүтбек Алтынбек уулу дагы жарадар болуп каза тапкан.