БШКга «Манас» аэропортунун экс-башчысына арыз түштү. ИИМ текшерүү баштады

БШК билдиргендей, 4-январда ыкчам аракет көрүүчү координациялык тобуна (ЫАККТ) «Манас» аэропортунун мурдагы жетекчиси Эрик Шайдиновго карата доо арыз келип түшкөн. Анда Шайдинов Жумгал районунун жашоочуларына президенттикке талапкер Абдил Сегизбаевди колдоо үчүн 2000 сом сунуштаган деген божомол маалымат болгон.

Шайдинов Сегизбаев менен жолугушууга электораттын көп келишин дагы камсыздап берүүнү убада кылганы кабарланууда.

БШКдан билдиришкендей, кооринациялык топтун мүчөлөрү материалдарды ИИМге жөнөтүшкөн. Жумгал РИИБнин кызматкерлери текшерүү башташты.

БШКнын маалыматына караганда, 2020-жылдын аягына чейин ЫАККТга шайлоо процессиндеги бузуулар жөнүндө 34 билдирүү келип түшкөн. Анын ичинен 9 факты добуш сатып алуу жана шайлоо үгүт иштериндеги бузуулар, дагы 8 факты административдик ресурсту колдонуу жана дагы ошончо башка бузуулар тууралуу.

Кезексиз президенттик шайлоо 2021-жылдын 10-январга дайындалган. Ушул эле күнү башкаруу фрмасын аныктоо боюнча дагы референдум өтөт — шайлоочулар президенттик жана парламенттик башкаруу формаларынын бирин тандашы керек, же алар бардык варианттарга тең каршы добуш бере алышат.

Абдил Сегизбаев — өлкө башчылыгына ат салышып жаткан 17 талапкердин бири. Ал дагы бир президенттикке талапкер Садыр Жапаровдун дарегине ачуу сын айтканы менен белгилүү.

2020-жылдын 30-декабрында КТРКнын эфиринде өткөн дебатта Сегизбаев Жапаров бозгун президент Курманбек Бакиевдин үй-бүлөсү менен байланышта экенин айтып, оппонентине бир нече курч суроолорду узаткан.

Сегизбаев Жапаров менен байланышкан бир нече окуяларды санап өткөн: «Инвестбанк Исык-Көл» банкынын Жапаровдун эжеси Райкүл Жапарова тарабынан басылып алынышы, андагы 400 миң долларга ээлик кылуу, жана банк аркылуу Максим Бакиевге 5 млрд доллар өндүрүп берүү.

Мындан тышкары, Сегизбаев «Жыргалаң» кенин Кытайга сатуу, УКМКнын Бишкектеги башкармалыгын имаратын 500 миң долларга сатып алуу жана «Жетим-Тоо» кенин берүү тууралуу айткан.

Сегизбаев Жапаровдун шайлоо фондуна төккөн күрөөсүнүн булагына дагы шектенген. Ал Жапаровго каражатты Бакиевдер берген деп болжогон.

УКМКнын мурдагы башчысы Абдил Сегизбаев президенттикке талапкер Садыр Жапаровдун качкын президент Курманбек Бакиевдин үй-бүлөсү менен байланышы тууралуу биринчи жолу айткан жок. Жапаров буга жооп кылып, Таласта шайлоочулар менен жолугушуу учурунда Сегизбаевде ага карата компроматы жок экенин айткан.

Өчүрүлгөн эфир

КТРКнын YouTube каналындагы теледебаттардын эфири бүтөөрү менен дароо жеткиликсиз болуп калган. Эртеси күнү дебаттын видеосу телеканалдын фейсбуктагы барагынан дагы жоголуп кеткен, анткен менен ал жерде дебаттардын алгачкы эки күнүндө тартылган эфири калтырылган.

Ал эми Сегизбаевдин штабы эфирдин өчүрүлүшү аткаминерлердин каналга басым кылуусу менен байланыштуу болушу мүмкүн деп билдирген. Бул маселени БШКнын жумушчу тобу да карап чыккан — ал комиссияга КТРКдан видеону калыбына келтирип, каналдын башкы директоруна айыппул салууну талап кылууну сунуштаган.

КТРКнын өкүлдөрү аларга карата басым болушу мүмкүндугү тууралуу айыптардын бардыгын четке кагып, дебаттан тартылган эфирди 4-январда кайрадан расмий барагына киргизген.