«Азаттык»: Жапаровдун тарапташы тараткан маалымат чындыкка дал келбейт

WhatsApp мессенжеринде «Азаттык» басылмасына жана президентикке талапкер Садыр Жапаровго «каршы чыгып жаткандардын бардыгына “Кумтөр” өтө чоң акча бөлүптүр» деген үн билдирүү тарап жатат. Аудиону жаздырган киши блогер жана ютуберлерге кайрылып, «элге маалымат жетпей жаткандыгын» айтат жана кайсы бир видеолорду таратууга чакырат.

«“Кумтөр” билесиңер да кандай экенин. Жапаровго каршы бүт бардык иштерди кылып жатышат. Миллиондогон доллар акчаны бөлүшүптүр дагы азыр Жапаровго каршы коюп жатышат», — деген ал.

«Клооптун» журналисттери билдирүүнү жаздырган кишинин үнү менен ютубер Талант Сагынбаевдин үнүндө окшоштуктар бар экенин байкашты. Сагынбаевге байланышканыбызда, ал кайрылуу ага таандык экенин тастыктады.

«Ал деген 6-октябрдан кийинки болгон окуяда болгон. Ютуберлердин группасына аудиону жөнөткөм. Аны бирөө чыгарып салыптыр. Аны бардыгы эле айтып жатышкан. Элдер айтып жаткан. 8-октябрда жөнөтсөм керек эле. Ошол кезде “Азаттык”, “Клооп” болобу болбогон, Жапаровдун адамдары тууралуу такталбаган маалыматтарды чыгарып келишкен. Ошого жооп сыяктуу кылып айтканбыз», — деди Сагынбаев.

Бирок ютубер так кайсы маалыматтар тууралуу сөз болуп жатат деген суроого жооп бере алган жок. Ошондой эле «Кумтөр» ишканасы ЖМКларга акча бөлүптүр деген билдирүүсүн далилдей турган фактыларды келтире албады. «Клооп» анын билдирүүсүн ИИМдин басма сөз кызматына териштирүү жүргүзүү үчүн жөнөттү. 

Сагынбаевдин социалдык баракчаларынан ал Жапаровдун шайлоо штабына иштеп жатканын көрүүгө болот. Ал Жапаровдун үгүт жолугушууларынан тасмаларды тартып соцтармактарга таркатып келет. Ошондой эле анын фейсбуктагы баракчасында «Мекенчил» партиясын колдоп жүргөнү тууралуу сүрөттөр бар. Инстаграмда ютуб каналы катары Садыр Жапаров аталыштагы каналды көрсөткөн. Сагынбаев мындан сырткары Жапаровду абактан чыгарууну талап кылып келген. 

«Азаттык» радиосунан жасалган ар бир материал журналистиканын эл аралык стандарттарына жана бейтараптуулук принцибине жооп берерин билдиришти.

«WhatsAppтагы соңку бул аудиоматериал менен таанышып көрдүк. Анын мааниси биз үчүн түшүнүксүз жана таптакыр чындыкка дал келбейт. “Бурмаланган маалымат таратып жатасынар” деген тараптар кайсы материалда эмне бурмаланып жатканын так көрсөтүп бере албай келишет […] Биздин негизги максат элге туура, так, чынчыл маалымат жеткирүү болуп саналат. Башкача болушу мүмкүн эмес», — деп түшүндүрүштү «Азаттыктан».

Редакциядан 5-октябрдагы окуялардан кийин «Азаттык» радиосунун дарегине «маалыматтык чабуул башталганын» айтышат. Даярдалган программаларга карата соцтармактарда дайын дареги жок фейк аккаунттар тарабынан каралоо, опуза-коркутуу маанисин камтыган комментарийлер дагы жазылып келе жатат.

Буга байланыштуу радионун жетекчилиги Ички иштер министрилигине карап чыгып, чара көрүү өтүнүчү менен кайрылган. Бирок азырынча министрлик кайрылууга жооп бере элек.

«Азаттык» радиосунун кабарчысы Садыр Жапаровдун тарапташтарынын митинггин 9-октябрда түз эфирде чагылдырып жатканда коркутууларга кабылган. Белгисиз кишилер келип колунан тартып, бутуна тээп акциядан кетүүнү талап кылышкан. Ошондой эле радионун кеңсесине барабыз деп коркутушкан.

Эртеси күнү Садыр Жапаров Region телеканалына маек куруп, «Азаттык» аны катуу сындап жатканын айткан. Ошондой эле анын сөздөрүн бурмалап жатат деп айыптаган.

Журналисттер жана көз карандысыз медиа уюмдар Жапаровдун айткандарын эркин басма сөз үчүн коркунуч жаратат деп баалашты. Ошондой эле анын билдирүүлөрү коркунучтуу жана жоопкерчиликсиз экенин белгилешкен.