Президенттикке талапкерлер дебаттагы бузуулар боюнча КТРКнын жетекчилигине кайрылды

Президенттикке талапкерлер Каныбек Иманалиев, Равшан Жээнбеков, Абдил Сегизбаев жана Клара Сооронкулова КТРКнын жетекчилигине жана АКШнын Улуттук демократиялык институтуна кайрылышты. Алар КТРК каналында 6-январда болуп өткөн теледебаттар учурундагы бузууларга көңүл бурууну өтүнүшкөн. Талапкерлер мудагы алып баруучулар Алмаз Касымалиев менен Светлана Акматалиеваны ордуна алып келүүнү суранышкан.

* АКШнын Улуттук демократиялык институту демократиялык процесстерди колдоо долбоорунун алкагында парламенттик жана президенттик шайлоолор учурунда теледебаттарга колдоо көрсөтүп жатат.

Президенттикке талапкерлер теледебаттардын алып баруучулары Амантур Шергазиев менен Зарина Үмөталиева компетенттиги жок жана адискөй эмес экендиктерин көрсөтүшкөнүн белгилешти.

Алардын пикиринде, алып баруучулар өздөрүнүн бир жактуулугун жашырбай, бардык катышуучуларга бирдей маалыматтык мүмкүнчүлүк берген эмес.

«Алып баруучулар алдын ала талапкерлердин жоопторун билип туруп, бир нече жолу өз көз караштарын билдиришти, шайлоочулардын эркин тандоосуна таасир берүү ниетин жашырышкан жок. [...] Бул учурда, алып баруучулардын бир жактуу суроолору жана берилген убакытты кыскартуу максатында талапкерлердин жоопторун атайын этибарга албаганы дебаттардын катышуучулары тарабынан гана эмес, соцтармактарда нааразылыгын билдиришкен шайлоочулар тарабынан да белгиленген», — деп айтылат кайрылууда.

Талапкерлер телеканалдын жетекчилигин жоопко тартууну суранышты. Алар теледебаттарды демократиялык шайлоолорду уюуштуруунун принциптерине тийиш талаптарды сактоо менен өткөрүүнү дагы талап кылышты.

Буга чейин БШК мүчөсү Гүлнара Журабаева ыкчам аракеттенүү боюнча координациялык топ болуп өткөн дебат жана андагы алып баруучулардын сүйлөгөн сөздөрү боюнча иштин материалдарын карап чыгарын билдирген.

Дебатта эмне болду эле?

КТРК телеканалында президенттикке талапкерлер катышкан дебаттын экинчи туру өткөн. Экинчи турдун биринчи дебатына Садыр Жапаров катышышы керек болчу, бирок ал дебатта жалаң «ушак териштирилет» деп айтып ага катышпай турганын билдирген. Анын ордуна талапкер аймактарда эл менен жолугушкан пайдалуу деп чечкен.

Ошентип дебатка болгону беш талапкер катышкан: Канат Исаев, Курсан Асанов, Адахан Мадумаров, Аймен Касенов жана Элдар Абакиров. Алар мамканалдын алып баруучулары бийликке «ыңгайлуу жана алдын ала даярдалган» суроолорду узатып жатышат деп билдиришкен. Талапкерлер учурда башкаруу формасын же парламенттин катачылыктарын талкуулоодон көрө башка маанилүү көйгөйлөрдү сүйлөшүү керек деп айтышкан. Ошондой эле, Канат Исаев Жапаровдун Кытай менен байланышы бар болушу мүмкүндүгүн кыйыткан.

Социалдык тармактарда дагы мамлекеттик телеканал сынга алынган. Колдонуучулар дебаттын алып баруучулары калыс жана кесипкөй эмес алып барышкан деп жазышкан.

Кезексиз президенттик шайлоо 10-январга дайындалган. Ага 17 талапкер ат салышууда. Президенттик шайлоо менен бирге 10-январда референдум өтөт. Анда эл башкаруу формасын тандашат — парламенттик же президенттик республика.