УКМК: «Бишкек» эркин экономикалык аймагынын экс-директору кармалды

УКМКнын басма сөз кызматы 6-январда «Бишкек» эркин экономикалык аймагынын (ЭЭА) мурдагы башкы директору Дүйшөн Ирсалиев коррупцияга шектелип кармалганын кабарлады.

Ирсалиев менен катар ЭЭАнын аткаруучу директору Мирадил Бакашов дагы кармалган. Ведомствонун маалыматына ылайык, Ирсалиев менен Бакашов акча чыгарып кетүүгө байланышкан коррупциялык схемага аралашкан деп шектелүүдө.

УКМКдан билдиришкедей, Бишкек ЭЭАнын аткаминерлери мамлекеттик сатып алуулар учурунда өздөрү көзөмөлдөгөн камсыздоочу компанияларды ишке тартуу менен көмүскө кирешеге ээ болуучу схеманы жолго коюшкан. Бул камсыздоочу компаниялар келишимдин суммасынан ЭЭАнын мурдагы башкы директоруна «откат» берип турушкан.

«Андан тышкары “Бишкек” ЭЭАнын каражаттарын ыксыз сатып алууларга жана чыгымдарга жумшоо менен максатсыз пайдалануу фактылары аныкталган», — деп жазылат билдирүүдө.

УКМК «Бишкек» эркин экономикалык аймагынан коррупциялык схемадан тышкары, жылдык бюджетти атайылап жогорулаткан учурлар аныкталганын билдирди. Мекеме 2016-жылдан 2020-жылга чейин мамлекеттик бюджетке 2%дан 0,2%га чейин төлөп келген.

Бардык фактылар кылмыштар жана жоруктардын бирдиктүү реестрине «Коррупция» беренеси менен катталды. Кармалган Ирсалиев жана Бакашов УКМКнын ТИЗОсуна киргизилип, иш боюнча тергөө уланууда.