УКМК: Кара-Суунун Сарай айыл өкмөтүнүн башчысы кармалды

Замир Турганбаев. Сүрөт Akipress басылмасынын видеосунан скриншот кылып алынды

Улуттук коопсуздук мамлекеттик кызматы 6-январда Кара-Суу районунун Сарай айыл өкмөтүнүн башчысы Замирбек Турганбев кармалганын билдирди. Атайын кызмат Турганбевди кызмат абалынан кыянаттык менен пайдаланууга айыптап жатат.

Мекеменин басма сөз кызматы тараткан маалыматка ылайык, айыл өкмөт башчы Киров айылындагы 720 окуучуга ылайыкталган орто мектептин курулушуда жалпы суммасы 24 миллион сомдон ашык суммага аткарылган жумуштун көлөмүн ашыкча көрсөткөн.

Ошондой эле ал жеке жооптуу адамдар менен биргеликте сапатсыз курулган мектепти пайдаланууга бергени айтылат. Учурда тергөө иштери жүрүп жатат.

Буга чейин 19-ноябрда УКМК Тургунбаевдин жана райондун Савай айыл өкмөтүнүн башчысы Мунарбек Сайпидиновдун иш бөлмөлөрүндө жана үйүндө тинтүү жүргүзгөн.

Анда акимияттан тинтүү «каржылык иликтөөнүн» негизинде болгонун айтышса, атайын кызмат тинтүү Ошто «Уюшкан топту түзүү же ага катышуу» беренеси боюнча козголгон иштин негизинде болгонун маалымдаган.

Көп өтпөй Сайпидинов Бишкекке барып Ташиев менен жолугуп келген жана өзүнө коюлган күнөөнү «саясий кысым» деп атаган. Ал — экс-бажычы, журналисттик иликтөөлөрдүн фигуранты Райымбек Матраимовдун өкүл баласы.

Мындан сырткары УКМК тинтүү учурунда Тургунбаевдин үйүнөн атылбай турган курал табылып, ал экспертизага жиберилгенин билдирген.

Кийинчерээк Турганбаев УКМКнын жетекчиси Камчыбек Ташиевге кайрылып, УКМКнын кызматкерлери анын үйүн тинтүү учурунда апасын жана жаш баласын коркутканына даттанган.

Мындан сырткары ал ден соолугуна байланыштуу чет өлкөдө жүргөнүн, дарыланып бүткөндөн кийин Ташиев менен жолугаарын билдирип, УКМКнын башчысына «ошондо кааласаңыз мени бышырып жеңиз, кааласаңыз атып салыңыз» деп айткан.

Тургунбаев коомчулукта 2018-жылы айылдык кеңештин депутаттары анын үстүнөн арызданганда белгилүү болгон.

Депутаттар айыл өкмөттүн бюджети Тургунбаев келгенге чейин 160 млн сомду түзгөнүн, бирок ал келип бюджет 65 млн сомго кыскарганына даттанышкан. Бирок Тургунбаев бул айыптоолорду четке каккан.

Ошондой эле Турганбаев 4-октябрдагы парламенттик шайлоодо таасирлүү клан Матраимовдорго тиешелүү делген «Мекеним Кыргызстан» партиясынан талапкер болгон.