УКМК: Кара-Суудагы Сарай айыл өкмөт башчысынын үйүнөн курал табылды

УКМК 19-ноябрда Кара-Суу районундагы эки айыл өкмөттүн башчыларынын үйүн тинтүүгө алганын тастыктады. Атайын кызмат Сарай айыл өкмөтүнүн башчысы Замир Тургунбаевдин үйүнөн атылбай турган курал табылганын билдирди. Ал экспертизага жиберилген.

Ошондой эле мекемеден Ошто «Уюшкан топту түзүү же ага катышуу» беренеси боюнча козголгон иштин негизинде «анын аймактагы коомдук-саясий абалга таасир этишине жол бербөө, топтун мүчөлөрүн аныктоо жана аларга бөгөт коюу» иши жүрүп жатканын маалымдашты.

Мурдараак УКМК Кара-Суу районун Савай жана Сарай айыл өкмөтүнүн башчылары Мунарбек Сайпидинов жана Замир Тургунбаевдин иш бөлмөлөрүндө тинтүү жүргүзгөнү айтылган.

Анда акимияттан тинтүү «каржылык иликтөөнүн» негизинде болгонун айтышкан. Ал эми Савай айыл өкмөтүнүн башысы Мунарбек Сайпидинов видеокайрылуу жасап, ага карата «саясий куугунтук» болуп жатканын айтты.

Сайпидинов тинтүү анын үйүндө болгонун, мындан улам анын үй-бүлөсү коркуп калганын айтып нараазы болду.

«Бир нерсе болсо эле ушул Райымбек Матраимовдун өкүл баласы деп куугунтуктай беришет. Ал менин өкүл атам, ал өз жолунда мен өз жолумда. [...] Шайлоодо да Асылбек Жээнбековдун куугунтугуна кабылдым, көрбөгөн күнүмдү көрсөтүштү», — деди ал.

Ал эми Сарай айыл өкмөтүнүн башчысы Замир Тургунбаев бул боюнча комментарий бере элек.

«Мекеним Кыргызстандан» шайлоого барган айыл өкмөт башчылар

Сайпидинов — өкүл атасы, Бажы кызматынын башчысынын мурдагы орун басары Райымбек Матраимовдун сүрөтүн иш бөлмөсүнө илип алгандыгы менен коомчулуктун эсинде калган.

Мындан сырткары соцтармактын колдонуучулары Сайпидиновдун Дубайдагы эс алуусу учурунда тартылган видеолорду бөлүшүп, кызуу талкууга алышкан. Интернет колдонуучулар айыл өкмөт башчы видеодогу кылык-жоругу менен мамлекеттик кызматкердин этикасын сактаган эмес деп эсептешкен.

Мындан сырткары өткөн жылы спортчу Төлөгөн Рахманберди уулу Сайпидинов менен Ош шаардык спорт комитетинин жетекчиси Кылыч Саркарбаев тарабынан коркутуулар болгонун айтып чыккан.

Ал эми Сарай айыл өкмөтүнүн башчысы Замир Тургунбаев коомчулукта 2018-жылы айылдык кеңештин депутаттары анын үстүнөн арызданганда белгилүү болгон.

Депутаттар айыл өкмөттүн бюджети Тургунбаев келгенге чейин 160 млн сомду түзгөнүн, бирок ал келип бюджет 65 млн сомго кыскарганына даттанышкан. Бирок Тургунбаев бул айыптоолорду четке каккан.

Эки айыл өкмөт башчы тең 4-октябрдагы парламенттик шайлоодо Матраимовдорго таандык делген «Мекеним Кыргызстан» партиясынан шайлоого катышкан. Шайлоодогу мыйзам бузуулардан улам мөөнөтсүз митинг башталып, анын жыйынтыгы менен бийлик алмашып, жыйынтык жокко чыгарылган.