Бишкек: Мектеп жана бала бакчалар январдын аягында акырындык менен иштеп баштайт

Бишкек мэриясынын басма сөз кызматы 8-январда ушул айдын аягынан тартып мектептердин жана бала бакчалардын иши акырындап жандана турганын билдирди. Мындай чечим шаардык эпидемияга жана эпизоотикага каршы чукул чара көрүүчү комиссиянын жыйынында кабыл алынды.

Мэриянын маалыматы боюнча, борбор калаада «эпидемиологиялык кырдаал бир аз турукташты».

«18-январдан баштап мектепке 1, 5, 9 жана 11-класстар барат. Балдар эки нөөмөттө окушат, шахмат түрүндө отургузулат. Бул режимде мектеп окуучулары 1-февралга чейин окушат, ал эми адистер, эпидемиологдор пандемия учурундагы билим берүү процессине көз салышат. Эгерде көрсөткүчтөр туруктуу болсо, болжол менен экинчи этап башталат — бардык окуучулар мектепке барып, билим ала башташат», — деп билдиришти мэриядан.

Окуучуларды мектепке кайтаруудан мурун, мугалимдерди медициналык кароодон өткөрүү жана иш бөлмөлөрдү дезинфекциялоо пландалууда.

«Белгилей кетсек, ар кандай себептерден улам, оффлайн режиминде сабактарга катыша албай калган балдар үчүн онлайн режиминде окууга болот. Бул тажрыйба шаарларда жана өлкөлөрдө кеңири колдонулат, алар билим берүү уюмдарынын ишин акырындык менен кайра ачуу процессинде дагы бар», — деп кабарлашты муниципалитеттен.

Ал эми бала бакчалардын ишин мэрия 20-январдан тартып жандандырууну пландап жатат.

Оффлайн окууну жандандыруу

Кыргызстандагы мектептердин бардыгы 6-октябрдан тартып ишин жандандыра турганын билим берүү министрлиги 30-сентябрда эле кабарлаган болчу. Ага ылайык, алгач 1-6-класстын окуучулары окуп баштамак. Бирок 4-октябрдагы парламенттик шайлоодон кийин өлкө ичинде массалык башаламандыктар башталган — октябрдагы туруксуз абалдан улам Саламаттык сактоо жана Билим берүү министрлиги окутууну жандандыруу тууралуу буйругун жокко чыгару чечимин кабыл алган.

Кыргызстандагы мектептердин экинчи чейреги 11-ноябрда башталган, бирок бардык эле окуучулар мектепке кайтып келе алган жок. Билим берүү министрлиги салттуу окутуу эпидемиологиялык абал туруктуу деп саналган аймактардагы 1 489 мектепте гана башталганын билдирген. Ал эми Бишкек жана Ош шаарларынын окуучулары онлайн окууну улантышкан.

Көп өтпөй билим берүү министрлиги алгач 2-6-класстын окуучулары окуп башташат деп белгилеген. Мектептеги эпидемиологиялык абал туруктуу болсо, экинчи кезекте 9-11-класстын окуучулары кайтып келмек.

Билим берүү министрлиги мектеп үчүн атайын сунуштама иштеп чыккан. Ал беткап тагынууга, дааратканадагы санитардык шарттарга жана мектеп окуучуларын таза абага чыгып турушуна байланышкан.

Республиканын мектеп окуучулары өткөн жылдын 8-апрелинен бери аралыктан окуп жатышат. Билим берүү министрлиги аралыктан билим алуучу окуу программасын иштеп чыккан. Бардык окуутучу материалдар ведомствонун атайын сайтына жүктөлүп, ошондой эле телевизор аркылуу эфирге берилген.

Бирок көпчүлүк ата-энелер жана мектеп окуучулары онлайн-окуу учурунда бир топ кыйынчылыкттарга кабылышкан. Алар керектүү гаджеттердин, телевизор жана интернеттин жетишсиздигине даттанышкан.

2021-жылдын 8-январына карата Саламаттык сактоо министрлиги 81 991 адам коронавирус инфекциясын жуктурганын тастыктады. Алардын ичинен 1 365 адам COVID-19дун кесепетинен көз жумгандар деп эсептелет. Ал эми 77 547 адам орудан айыгып чыккан.