Мадумаров: Шайлоонун жыйынтыктарын тааныбайм, ал алдын ала даярдалган

Президенттикке талапкерлердин бири Адахан Мадумаров шайлоонун жыйынтыктарын тааныбай турганын жана алар алдын ала даярдалганын журналисттерге билдирди.

Ал электрондук урналарды текшеребиз деген шылтоо менен атайын кишилер УКМКнын өкүлдөрүнүн коштоосунда флешкаларды алып жүргөнүн айтты.

Мадумаров мисал катары, талапкерлердин бири туугандары менен шайлоо участкасында добуш берип, бирок жыйынтыгында ага бир эле добуш берилгени белгилүү болгонун белгилеп, «Ушул эми жакшы көрүнүшпү?» деп суроо салды.

Мадумаров журналисттердин митингге чыгасызбы деген суроосуна «өз укугуңду сөзсүз түрдө эле митингге чыгып коргобош керек» деп жооп кайтарды.

Ал ошондой эле, мындар аркы кадамдары жана позициясы кандай болорун, «акылдашып кенешкенден» кийин гана айтарын билдирди.

Талапкер андан сырткары референдумду укмуштуудай жомокко теңеди. Себеби, акыркы маалыматтар боюнча президенттик башкарууну шайлоочулардын 80 пайызы, ал эми парламенттик башкарууну 10 пайызы гана колдогону акылга сыйбаган көрүнүш экенине токтолду.

Борбордук шайлоо комиссиясы президенттик шайлоонун алдын ала жыйынтыктарын жарыялады. Ага ылайык, президентикке талапкер Садыр Жапаров 79,55% менен алдыда келе жатат. Ал эми Жапаровдун негизги атаандашы Адахан Мадумаров болсо 6,54% добуш алган.

10-январда президенттик шайлоо менен башкаруу формасын аныктай турчу референдум өттү. Учурда алардын жыйынтыктары саналууда.