Президенттик башкаруу формасы үчүн шайлоочулардын 80%дан ашууну добуш берди (жаңыртылууда)

Борбордук шайлоо комиссиясы Кыргызстандагы башкаруу формасы боюнча референдумдун алдын ала жыйынтыктарын жарыялады. Президенттик башкаруу формасы үчүн шайлоочулардын 80,84%ы добуш берди.

Ал эми парламентаризмди 10,73% шайлоочу колдогон. Баарына каршы деп 4,38% шайлоочу добуш берген.

Өлкө боюнча 3 563 574 киши шайлоо укугуна ээ. Кыргызстандын аймагында жалпысынан 2 474, ал эми чет өлкөлөрдө 48 шайлоо участкалары ачылды. Жалпысынан 80 пайыздан ашуун урнадан маалыматтар БШКга келип түштү.

Жалпысынан 1 159 905 шайлоочу добуш берген — бул жалпы шайлоочулардын 32,55 пайызын түзөт. Маалыматтар жаңыртылып турат.