Мурда парламентаризмди өнүктүрөм деген Жээнбеков президенттик башкаруу үчүн добуш берди

Экс-президент Сооронбай Жээнбеков 10-январда президенттик башкаруу формасы үчүн добуш берген. Бул тууралуу Reporter.kg басылмасынын журналистине добуш берип чыккандан кийин Жээнбеков өзү билдирген.

А бирок, 2020-жылдын апрель айында, Апрель революциясынын он жылдыгында Жээнбеков парламентаризмди өнүктүрүүнү убада кылган. Бул учурда ал мамлекет башчысы эле.

«Парламенттик демократияны орнотуу үчүн чечкиндүү кадамдар жасалды. Бул иш-аракеттерди мындан ары да бекемдейбиз», — деген болчу ошондо Жээнбеков.

Экс-президент бул билдирүүсүн 1-апрелде өлкөдө башкаруу формасын аныктоо боюнча референдум өткөрүүнү сунуштаган депутат Курманкул Зулушевдин демилгесинин шартында жасаган.

2021-жылдын 10-январында өтүп жаткан кезексиз президенттик шайлоо жана өлкөнүн башкаруу формасын тандоо боюнча референдум 2020-жылдын 4-октябрында өткөн парламенттик шайлоонун жыйынтыгынан кийинки саясий кризистин кесепети. Анда Бишкекте алдын-ала жыйынтыктар жарыялангандан кийин шайлоонун жыйынтыгы менен макул эмес жарандар митингге чыккан.

Кийин митингдер башаламандыктарга айланып жана жарандар менен милиция кагылышкан. Башаламандыктардын шартында бир катар аткаминерлер колониядан бошотулган. Алардын арасында мурдагы президент Алмазбек Атамбаев жана саясатчы Садыр Жапаров дагы болгон. Жапаров кыска убакыттын ичинде Жээнбековду отставкага кетирип, тарапташтарынын колдоосу менен президенттин милдетин аткаруучу болууга жетишкен.

Жапаров башкаруу формасын тандоо жана Конституцияга өзгөртүүлөрдү киргизүү боюнча референдумду биринчилерден болуп демилгелеген.