Ош: «Клооптун» байкоочуларына сүрөт жана видеого тартууга уруксат бербей жатышат

Материал саат 20:40да жаңыртылды. 

Ош облусундагы Өзгөн районунун Шералы айылында жайгашкан №5057 шайлоо участкасынан милиционерлер «Клооптун» байкоочуларын участоктон чыгарып, видео тартууга уруксат бербей жатышат. Биздин кабарчыбыз Таттыбүбү Маматова милиционерлер алардан паспорт сурап жатканын кабарлады.

Ош облустук ички иштер башкармалыгынан «Клооптун» байкоочулары күбөлүктөрүн көрсөтпөгөндүктөн, милиционерлер алардан өздүгүн тастыктоочу документ сурашканын айтышты.

«Шералыдагы №5057 шайлоо участогунун төрагасы видеотасма тартууга уруксат берген эмес. Ошондуктан алар чыгарууга мажбур болушкан», — деп түшүндүрүштү Ош ОИИБиден.

Ошондой эле, Маматова аталган участокто шайлоочулар санитардык аралыкты сактабай жатканын кошумчалап, УШКнын мүчөлөрү буга карата эч кандай чара көрбөй жатканын айткан.

Мындан сырткары Ош шаарындагы № 5308 шайлоо участкасында да УШКнын төрайымы байкоочуга видео тартууга тыюу салган. Байкоочунун «добуш берүү купуялуулугун бузбай 1,5 метр аралыкты сактап тартууга укугум бар» деп айтканына карабай, ал «10 метрден да тартууга уруксат жок» деп айткан.

«Кыргыз Республикасынын Президентин жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоо жөнүндө» мыйзамга ылайык, байкоочулар сүрөт жана видеого тарта алышат. Муну менен алар мыйзам бузууларды катташат.

«Шайлоочулардын добуш берүүсүнүн жашыруундуулугун бузбастан, добуш берүүнүн жүрүшүнө, добуш берүүнүн жыйынтыктарын чыгарууга тоскоол болбостон, жеке өзү фото-тасма тартууга, укма жазууну жүргүзүүгө», — деп жазылган мыйзамда.

«Клооптун» өлкө боюнча 1500ден ашуун байкоочулары бар жана алар ар бир участокто иш алып барып жатышат. Ошондой эле, аларда «Клооп Медианын» байкоочусу экендигин тастыктаган күбөлүгү бар.

Кыргызстанда кезексиз президенттик шайлоо жана мамлекеттик башкаруу формасын тандоо боюнча референдум өтүп жатат. Президенттик шайлоого 17 талапкер ат салышып жатат. Ошондой эле кыргызстандыктар президенттик же парламенттик башкаруу формасын тандашат же баарына каршы добуш бере алышат.