Ошто «Т-Медианын» журналистин шайлоо участогунан чыгарып салышты

Ош шаарындагы №5555 шайоо участогунун төрайымы Айжан Жеңишбек кызы «Т-Медианын» журналистин участоктон чыгарып салды. Мунун себебин журналист шайлоо участогуна кирүү үчүн «уруксат кагазы болушу керек» деп түшүндүргөн.

Мыйзам боюнча, жалпыга маалымдоо каражаттардын өкүлдөрү добуш берүүнүн купуялыгын бузбастан шайлоону чагылдырууга укуктуу. Ошол жерде турган башка басылмалардын журналисттери участоктун төрайымына бул норманы эскертишкен. Андан кийин журналисттерге тартууга уруксат берилген.

Оштогу №5555 шайлоо участогунда калаа башчы Таалайбек Сарыбашовдун добуш берүүсү күтүлүүдө.

Боршайкомдун маалыматына ылайык, Ош шаарында 151 115 шайлоочу бар.