Роза Отунбаева кезексиз президенттик шайлоону «кырсык шайлоо» деп атады

Экс-президент Роза Отунбаева бул жолку кезексиз шайлоо «кырсык шайлоо» экенин айтты. Ал BBC кыргыз кызматына берген маегинде бул шайлоонун жыйынтыгы Кыргызстан үчүн абдан маанилүү экенине токтолду.

Себеби, экономика жана саламаттык сактоо жаатында көйгөйлөр курч. Андан сырткары президенттин жоктугу өкмөт менен парламентти чала жан кылып, коронавирус шарттаган маселелерди чечүүдө тоскоолдуктар болуп жатканын билдирди.

Отунбаева ошондой эле, кандай гана жыйынтык болбосун аны кабыл алуу керектигин айтты.

«Саясий тартипти сыйлаган укуктуу өлкө болсок, биз жыйынтыкты кандай болсо дагы кабыл алышыбыз керек… Уткан президент келечекти ойлоп, элдин башын бириктирип, оппозициянын артынан түшпөй, курч экономикалык маселелрди чечкенге аракет жасашы керек», — деди ал.

Экс-президент андан сырткары жеңишке жеткен талапкер элди бөлбөй, ЖМК менен оппозицияны муунтпашы керектигине токтолду.

«Биз баарыбыз ушул мамлекеттин элибиз. Ушул өлкөдө өгөйлөнтпөй мүмкүнчүлүк ачып бериши керек. Алар мамлекетти мындан ары дагы чөктүрбөй, өнүктүргөнгө аракет кылышы керек. Бизде потенциял бар, жер алдында кен жатат, биз башка мамлекеттерден кем болбой, алдыга жылышыбыз керек», — деди ал.

Отунбаева өз сөзүндө шаардыктардын кандай добуш берерине абдан кабатыр болуп жатканын айтты. Себеби ал добуш берүүгө барганда участокто эл аз экенин белгиледи.

Кыргызстанда 10-январда кезексиз президенттик шайлоо менен мамлекеттик башкаруу формасын аныктаган референдум өтүүдө. 17 талапкер президенттикке ат салышууда.

Экс-президент Роза Отунбаева Бишкекте добуш берди.

ТЕМА БОЮНЧА

Шайлоо-2021: Добуш берүүгө келген шайлоочулардын пайызы 2,78% (жаңыртылууда)

Мурда парламентаризмди өнүктүрөм деген Жээнбеков президенттик башкаруу үчүн добуш берди