Шайлдабекова: 700дөй автоматташтырылган электрондук урна резервде турат

Боршайкомдун төрайымы Нуржан Шайлдабекова брифингде Кыргызстан боюнча бардык 2428 шайлоо участкасы саат 8де ачылганын билдирди.

Анын айтымында, кезексиз президенттик шайлоо жана референдум үчүн жалпысынан 2474 шайлоо участкасы ачылганын, анын 2428и Кыргызстанда калган 48 шайлоо участкасы дүйнөнүн 28 мамлекетинде ачылганына токтолду.

Андан сырткары добуш берүү үчүн ар бир участкага эки автоматтык эсептөөчү урна (АЭУ) коюлганын айтты. Анын бирөө президенттик шайлоо үчүн, бирөө референдумдун бюллетендерин санайт.

«Жалпысынан 5700дөн ашык урналар участкаларга жеткирилди. 700дөн ашык АЭУ резерв катары аймактардын борборунда турат», — деди ал

Ошондой эле, 600 техникалык ыкчам жардам берүү үчүн адистер даярдалып, алар маселе жаралган участкаларга барып кол кабыш кыларын айтты.

Анткен менен шайлоо башталгандан бери айрым участкаларда автоматташтырылганын урналар иштебей, жөнөкөй урналар колдонулуп жатканы айтылды. БШКнын мурдагы мүчөсү Атыр Абдрахматова Бишкектеги №1046 шайлоо участкасында АЭУ иштебей, бюллетендер саналбастан эски урналарга «тобу менен ыргытылып жатканын» жазды.

Шайлдабекова автоматташтырылган электрондук урналардан жыйынтыктарды алуу үчүн байланыштар тестирлөөдөн өтүп, алыс жайгашкан 11 гана участкада байланыш жок экенин кабарлады. Ал жердеги АЭУнун жыйынтыктары жакынкы участкага жеткирилип, андан соң борбордук серверге жөнөтүлөт.

Шайлдабекова бардык шайлоо учатсткалар толук түрдө тийиштүү шарттар менен камсыздалганын айтты. Анын ичинде электр энергиясы, генераторлор, жылыткычтар жана башка кеңсе техникалары менен камсыз болгон.

Шайлоочулардын тизмесине жалпысынан 3 млн 563 миң 574 киши киризилген. Андан сырткары убактылуу кармоо жайындагы, вахталык тартипте иштеген ишканаларда, медициналык мекемелерде иштеген жарандар дагы тизмеге алынганын билдирди.

«Ушундай өзгөчө категориядагы шайлоочулардын саны 16 400», — деди ал.

БШКнын төрайымы президенттик шайлоого ак бюллетень, референдумга көгүш түстөгү бюллетендер даярдалганын айтты.

Ал ошондой эле, шайлоого көз салуу үчүн 44 өлкөдөн 333 эл аралык байкоочу катталганына токтолуп, алар 35 эл аралык уюмдан болорун белгиледи. Андан сырткары жергиликтүү байкоочулар дагы көз салып жатат. БШКга 13 коомдук уюм өзүнүн шайлоого байкоо жүргүзүү боюнча ниетин билдирген. Шайлоонун жүрүшүн чагылдыруу үчүн чет элдик 92 ЖМК аккредитациядан өткөн.