Борбордук шайлоо комиссия президенттик шайлоо жана башкаруу формасын аныктоо боюнча референдумдун алдын ала жыйынтыктары жарыялоодо.
БШКнын саат 16:30га карата берген маалыматы боюнча, референдумга 1 421 035 жаран катышты. Учурда 1 416 433 шайлоочунун бюллетендери каралып чыгып, анын 1 368 133ү жарактуу, 48 300ү жараксыз деп таанылган.
БШКнын алдын ала эсептөөлөрү боюнча, президенттик башкаруу формасын шайлоочулардын 80,92%ы колдогон. Ал эми парламенттик башкаруу 10,94%, ал эми «экөөнө тең каршы» 4,44% добуш алган.
Президенттик шайлоодо 1 416 485 киши добуш берген. Анын ичинен 1 409 861 кишинин бюллетендери каралып чыкты — анын натыйжасында 1 398 123 бюллетень жарактуу, 11 738 жараксыз болуп табылган.
- Садыр Жапаров — 79,16%
- Адахан Мадумаров — 6,69%
- Бабыржан Төлбаев — 2,39%
- Мыктыбек Арстанбек — 1,68%
- Абдил Сегизбаев — 1,48%
- Имамидин Ташов — 1,19%
- Клара Сооронкулова — 1,00%
- Аймен Касенов — 0,92%
- Улукбек Кочкоров — 0,67%
- Канатбек Исаев — 0,58%
- Элдар Абакиров — 0,50%
- Бактыбек Калмаматов — 0,50%
- Курсан Асанов — 0,50%
- Равшан Жээнбеков — 0,19%
- Каныбек Иманалиев — 0,18%
- Жеңишбек Байгуттиев — 0,10%
- Арстанбек Абдылдаев — 0,08%
- Баарына каршы — 1,36%
Жалпысынан Кыргызстанда 3 563 574 шайлоочу катталган — анын 39,88%ы референдумга, 39,75%ы президенттик шайлоого катышты. Бул Кыргызстандын тарыхында өткөн президенттик жана парламенттик шайлоолорго жарандардын катышуусунун эң төмөнкү көрсөткүчү. Салыштырып көрсөк, 4-октябрда өткөн парламенттик шайлоодо шайлоочулардын 56,2%ы өз добушун берген.
Боршайкомдун төрайымы Нуржан Шайлдабекова кыргызстандыктардын шайлоого катышуусунун төмөндөшүнө добуш сатып алуулар жок болгону жана №2 форма жоюлганы себеп болгон деп эсептейт.